COVIDге каршы эмдөө

Юстиция министрлигинин кызматкерлери менен жолугушуу болуп өттү

149

РДЧБнин адистери тарабынан Юстиция министрлигинин кызматкерлерине COVID-19га каршы эмдөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директорунун орун басары Шейшеева Нуржамал аталган министрликтин эмгек жамаатына коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү, вакциналардын курамы жана кыйыр таасирлери жөнүндө презентация жасап так жана тастыкталган маалыматтарды айтып, эмдөө боюнча кызыктырган суроолорго жооп берди. Андан сырткары иш-чарага каалоочулар үчүн эмдөө жүргүзүүгө атайын мед айымдар кошо чакырылган. Жолугушуунун аягында айрым кызматкерлер өз каалоосу менен эмдөөдөн өтүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.