COVIDге каршы эмдөө

COVID-19га каршы эмдөө боюнча ыктыярдуу уюмдар менен жолугушуу болуп өттү

334

2021-жылдын 23-июлунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө маалымат берүү үчүн ыктыярдуу уюмдар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун максатында, калкты эмдөөдө вакцинанын эффективдүүлүгү, коопсуздугу, көрсөткүчтөрү, каршы көрсөтмөлөрү жана кыйыр таасирлери жөнүндө маалымдоо демилгеси негизделген. Күн тартибинин алкагында, Кыргыз Республикасында COVID-19га каршы эмдөөгө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды. Иш-чарага директордун орун басары Шейшеева Нуржамал Асанбековна, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин РДЧжанаМК борборунун медициналык адистери, Doctor KG тобунун, Kind Hands, Gild of Bindness, BEST, Diesel KG, НКПнын жана Кызыл Ай коому, Айкөл Манас Урпактарынын ыктыярчылары, Чын жүрөктөн » КФ «Демилгелүү Жаштар Борборунун» өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун аягында РДЧжанаМК борборунун директорунун орун басары Шейшеева ыктыярчылардын бардык суроолоруна жооп берди, ошондой эле, элди эмдөө жолу менен COVID-19дан коргоого багытталган, биргелешкен иш-аракеттердин планы талкууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published.