ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧжМКнын адистери Ысык-Көл облусунун бардык райондорундагы ДЧК адистерине жана дарыгерлерине мобилография боюнча тренинг өттү

979

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чолпон-Ата, Түп, Каракол жана Тоң райондорунун   ден соолукту чындоо кабинеттеринин адистерине жана дарыгерлерине  коммуникациялык байланыш жана мобилография боюнча тренинг өттү.

“Биз дарыгерлер жумуш деп жүрүп эле, көп нерсени билбейт экенбиз. Мен бүгүнкү тренингден көп нерсени үйрөндүм жана маалымат алдым. Мисалы, мен социалдык баракчалдардын  учурда ушунчалык маанилүү орду бар  экенин билбептирмин.Ошондой эле, дарыгерлер көбүнчөсү социалдык тармактарды иштетүү,  массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышуу, эгер журналист же блогер туура эмес маалымат  таратса, ал учурда кантип укугубузду коргошубуз керек?- деген сыяктуу учурларда укугубузду коргоону билбейбиз. Ушундай болгон маанилүү суроолорубузга бүгүн жооп алдык. Дагы да ушундай окутуулар болсо, биз кубануу менен катышууга даярбыз”-дейт Балыкчы шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун башкы медайымы  Алиева Венера Асановна.

Окутууда социалдык тармактар аркылуу так жана туура  маалымат таратуу, бөлүшүү абдан актуалдуу экендиги  белгиленип, медицина кызматкерлерине социалдык баракчаларды туура алып баруу боюнча тренинг өтүлдү. Семинарга жалпы Ысык-Көл облусунун ЖДПБнын 100дөн ашуун  дарыгери катышты. Жыйынтыгында алар соц.тармактар аркылуу маалымат жайылтууну, релиз, пост жазууну, сүрөт, видео тартууну үйрөнүштү.

Мындан тышкары,жергиликтүү калк менен тыгыз иштешип, элдин саламаттыгын сактоодо профилактикалык жумуштарды активдүү алып баргандыгы үчүн РДЧжМКнын директору Алтымышева Нурила Алмазбековнанын тапшырмасы менен Каракол шаарынын ден соолукту чындоо кабинеттеринин адистерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

Эскерте кетсе,  бул окутуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан республиканын бардык аймактарындагы ден соолукту чыңдоо кабинетинини адистерине жана медицина кызматкерлерине өтүлүүдө.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.