COVID 19

COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн адамдын ооруну жугузуп алышы мүмкүнбү?

129

COVID-19га каршы вакциналар жогорку натыйжалуу болгону менен алардын бири да 100% коргоону камсыз кылбайт. Натыйжада, COVID-19га эмделген адамдардын арасында коргоо жетиштүү өнүкпөгөн бир аз пайызы болушу мүмкүн.

Вакцинанын спецификалык мүнөздөмөлөрүнөн тышкары натыйжалуулукка:

• адамдын жаш курагы
• ден соолугунун абалы
• вирус менен буга чейинки байланышы таасир берет.

Эмделген адам анын айланасында илдетке чалдыккандар болсо, ооруну жугузуп алышы ыктымал. Ошону менен бирге оору күч албай же белгилери билинбей өтүшү мүмкүн.

Маанилүү! COVID-19га каршы вакциналар оорудан кийинки оор кесепеттерди, ооруканага жатууну жана вирустун бардык варианттарынан өлүмгө учуроонун алдын алуу үчүн натыйжалуу.
 
Кыргызстанда 2022-жылы май-июлда, оорунун күчөшүн эске алганда, оор түрү менен ооруканага жаткандардын саны өткөн жылга караганда бир нече ирет төмөн. Мындан тышкары коронавирустан адам өлүмүнүн учурлары катталган эмес. Бул вакциналардын натыйжалуулугунун түздөн-түз далили.

Калкта жамааттык иммунитет канчалык эрте калыптанса, ооруну жеңүү ошончолук оңой болот. Жогорку иммундук жоопту калыптандыруу үчүн вакцинанын 2-дозасынан кийин 4-6 айдан кийин кошумча бустердик дозаны алуу сунушталат.

ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗДӨР!

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.