COVID 19

COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жарандарга психологиялык жардам

255

«Учурда интернетсиз жашоону элестетүү мүмкүн эмес, тилекке каршы, интернетте ишенимдүү жана ишенимсиз маалымат көп жана аларды айырмалоо өтө кыйын. Вакцина иштелип чыккандан кийин, тукумсуздукка чейин түйүлдүктүн каргашалуу кесепеттерине алып келген көптөгөн терс жана ишенимдүү эмес маалыматтар болгон”, – деп билдирди Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун директору Ураимжан Исмаилов.

Анын айтымында, ден соолук жөнүндө терс маалымат, кандайдыр бир деңгээлде, адамдарды тынчсыздандырат. Интернеттеги айрым спикерлер “мен илимдин профессору же кандидатымын” деген сөз менен башталгандыктан, бул адамдардын аң-сезимине таасир этет. Дагы бир маанилүү фактор – биринчи уккан маалымат. Эгерде адам биринчи ирет позитивдүү маалымат укса, аны кабыл алып, көптөгөн терс маалыматты четке кагат. Тескерисинче, кимдир бирөө эмдөө жөнүндө терс маалыматты биринчи алган болсо, анда ал адам вакцина тууралуу ишенимдүү фактыларды четке кагат. “Азыркы учурда карап көрсөк, адамдар карантинди жана сактык чараларын унутуп калышкандай сезилет. Бул адамдын психикасынын көнүү процесси менен түшүндүрүлөт, себеби адамдын психикасы ар кандай жашоо шарттарга көнүп баштайт (экстремалдык, экономикалык кризис, табигый кырсыктар ж. б.), анткени адамдын психикасына дайыма тынчсыздануу жана коркуу менен иштөө кыйын”, – деп белгиледи ал.

Leave a Reply

Your email address will not be published.