COVID 19

COVID-19га каршы вакциналардын коопсуздугу жөнүндөгү суроолор жана жооптор

2771

Эмдөө – ооруларга бөгөт коюунун эң мыкты ыкмаларынын бири. Вакцина жыл сайын дүйнө жүзүндө 2 миллиондон 3 миллионго чейинки адамдын өмүрүн коргойт.

читать на русском

1. Эмдөө деген эмне?

Эмдөө – бул адамды вакцинанын жардамы менен бөгөт коюучу инфекциялардан коргоонун жөнөкөй, коопсуз жана эффективдүү ыкмасы. Эмдөө айрым инфекцияларга карата туруштук берүүнү жогорулатат жана иммундук системаны чыңдайт.

Эмдөө эмне үчүн маанилүү?

Эмдөө – бул ооруларга бөгөт коюунун жана өмүрдү сактоонун качандыр бир кездегиге караганда азыркы учурдагы кыйла коопсуз жана эффективдүү ыкмасы. Бүгүнкү күндө кептөөр, сенек, көк жөтөл, грипп жана кызылча сыяктуу аз дегенде 20 оорудан коргой турган вакциналар бар.
Эмдөө алуу менен биз өзүбүздү эле эмес, айланадагыларды дагы коргойбуз. Бирок бардык эле адамдар ден соолугунун абалы боюнча эмделе алышпайт. Алар эгерде эмделген адамдардын арасында жашай турган болсо корголушу мүмкүн. Анткени канчалык көп адам эмделсе, оорунун жайылуу ыктымалдуулугу ошончолук азыраак.

Вакциналар кандай таасир этет?

Вакциналар иммундук системага белгилүү бир ооруларга карата иммундук реакцияны иштеп чыгуу аркылуу инфекциялар менен эффективдүү күрөшүүгө жардам берүү менен жуктуруп алуу тобокелчилигин азайтат. Силер вакцина алган учурда иммундук система:
• Вирус же бактериялар сыяктуу кирип келген микробду тааныйт.
• Антителолорду иштеп чыгат. Антителолор – бул оорулар менен күрөшүү үчүн иммундук система тарабынан иштелип чыгуучу белоктор.
• Ооруну жана аны менен күрөшүү ыкмаларын эстейт. Эгерде кийин ушул микробдун таасирине дуушар болсоңор, өзүңөрдү начар сезе баштаганга чейин эле иммундук система аны тез арада жок кыла алат.
Ошентип вакцина – организмде ооруну чакырбастан иммундук жоопту пайда кылуунун коопсуз жана акылдуу ыкмасы.
Биздин иммундук системабыз эстеп калуу үчүн түзүлгөн. Бир же бир канча өлчөмдөгү вакцинанын таасиринен кийин, биз, эреже катары оорудан бир канча жылга, ондогон жылдарга же ал гана эмес өмүр бою корголобуз. Бул вакциналардын эффективдүү иши. Оору пайда болгондон кийин аны дарылоонун ордуна вакцина биринчи кезекте бизди оорулардан коргойт.

COVID-19га каршы вакциналар коопсуз экендигин биз кантип билебиз?

COVID-19га каршы бардык вакциналардын коопсуздугун камсыздоого жардам берүүчү катуу тартиптеги коргоо чаралары бар.
БДСУ жана улуттук жөнгө салуучу органдардан тастыктоо алуунун алдында COVID-19га каршы вакциналар, алар эл аралык деңгээлде макулдашылган коопсуздук жана эффективдүүлүк критерийлерине дал келүүсүн далилдөө үчүн дыкат клиникалык сыноолордон өтүүгө тийиш.
Жогорку коопсуздук стандарттарын сактоо менен COVID-19га каршы вакциналарга болгон курч керектөөнү канааттандыруу үчүн – мурда болуп көрбөгөндөй илимий кызматташуу COVID-19 вакцинасын изилдөө, иштеп чыгуу жана ага уруксат берүүнү өтө кыска мөөнөт ичинде аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берди. Бардык вакциналардай эле, БДСУ жана жөнгө салуучу органдар аларды колдонуп жаткандардын бардыгы үчүн коопсуз боюнча кала бере тургандыгын тастыктоо үчүн COVID-19га каршы вакциналарды пайдаланууну дайыма көзөмөлдөп турушат.

COVID-19га каршы вакцинанын кыйыр таасирлери кандай?

Башка вакциналардай эле, COVID-19га каршы вакциналар субфебрилдик температура (дене табынын узак убакытка чейин 37,1 -380Сда кармалышы), ийне сайылган жердеги кызаруу сыяктуу жеңил кыйыр реакцияларды пайда кылышы мүмкүн. Вакциналарга карата көпчүлүк реакциялар жумшак жана бир канча күндүн ичинде өзүнөн өзү өтүп кетет. Вакциналардын кыйла олуттуу же узакка созулган кыйыр реакциялары болушу мүмкүн, бирок алар өтө сейрек кездешет. Сейрек кыйыр реакцияларды аныктоо үчүн вакциналарга дайыма көзөмөл жүргүзүлүп турат.
COVID-19га каршы вакцинанын кабарланып жаткан кыйыр таасирлери негизинен анчалык катуу эмес, орточо жана кыска мөөнөттөгүлөрү болду. Аларга: калтыроо, чарчоо, баш оору, булчуңдагы оорутуу, чыйрыгуу, ич өтүү жана ийне сайылган жердеги оорутуу кирет. Эмдегенден кийинки кыйыр реакциялар COVID-19га каршы конкреттүү вакцинага жараша айырмаланат.

COVID-19га каршы вакциналардын жана аллергиялык реакциялардын ортосунда кандай байланыш бар?

БДСУга COVID-19га каршы вакцина алган аз сандагы адамдарда оор аллергиялык реакциялар орун алгандыгы тууралуу билдирүүлөр белгилүү. Анафилактикалык шок сыяктуу оор аллергиялык реакция кандай гана вакцинанын болбосун потенциалдуу, бирок сейрек кыйыр таасири болуп саналат. Мисалы, мурдагы вакцинанын өлчөмүнө же вакцинанын белгилүү болгон кайсы гана болбосун компоненттерине аллергиялык реакциянын пайда болуу тажрыйбасы бар, белгилүү тобокелчиликке ээ болгон адамдарга сактык чараларын көрүү талап кылынышы мүмкүн.
БДСУ медициналык кызматкерлер, бейтап COVID-19 вакцинасына карата оор аллергиялык реакция тобокелчилигине дуушар болгонбу же жокпу аныктоо үчүн бейтаптын оору таржымалын билүүнү сунуштайт. Иммундаштыруу боюнча бардык адистер оор аллергиялык реакцияларды таанууга жана эгерде алар пайда болсо, аны дарылоо боюнча тажрыйбалык чара көрүүгө окутулушу керек.
Кайсы гана болбосун олуттуу кыйыр реакцияларды аныктоо үчүн COVID-19 вакцинасын пайдаланууга улуттук бийлик жана эл аралык уюмдар тарабынан дыкат көзөмөл жүргүзүлөт.

Эгерде жагымсыз көрүнүш тууралуу кабарланса эмне болот?

Башка вакциналардай эле, COVID-19га каршы вакциналардын коопсуздугуна жана эффективдүүлүгүнө алар жеткирилгенден кийин кунт коюп көңүл буруу маанилүү. Эгерде эмделгенден кийин көйгөй тууралуу кабарланса, жакшылап иликтөө жүргүзүү зарыл.
Бул иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ден соолукка байланыштуу көйгөйлөр вакцинанын өзүнөн келип чыккандыгы сейрек аныкталат. Жагымсыз көрүнүштөр көп учурда капыстан болуп чыгат жана эмдөөгө такыр байланышы жок болушу мүмкүн. Кээде алар вакцинанын кандай сакталгандыгы, ташылгандыгы же колдонулгандыгына байланыштуу. Мындай катачылыктарга медицина кызматкерлерин даярдоону жакшыртуу жана жеткирүүчүлөрдүн шартын жакшыртуу аркылуу бөгөт коюуга болот.
Олуттуу кыйыр реакция шектелген өтө сейрек учурларда эмдөө токтотулушу мүмкүн. Окуя эмнеден улам келип чыккандыгын аныктоо үчүн андан аркы иликтөөлөр жүргүзүлөт жана түзөтүүчү чаралар көрүлөт.

COVID-19га каршы эмделген адам баары бир оору жуктуруп алышы мүмкүнбү?

COVID-19га каршы бир нече вакцина жогорку эффективдүүлүккө ээ болсо дагы, бир дагы вакцина 100%дык коргоону камсыздабайт. Жыйынтыгында COVID-19га каршы эмделгенден кийин коргоо талаптагыдай өнүкпөгөн адамдардын анча чоң эмес пайызы болушу мүмкүн.
Вакцинанын спецификалык мүнөздөмөлөрүнөн тышкары вакцинанын эффективдүүлүгүнө адамдын жаш курагы, анын ден соолугунун негизги абалы же COVID-19 менен мурдагы байланышы сыяктуу бир канча факторлор таасирин тийгизиши мүмкүн. Биз ошондой эле азырынча COVID-19га каршы ар кандай вакциналардан иммунитет канча убакытка чейин созула тургандыгын билбейбиз. Бул COVID-19га каршы вакциналар жайылтыла баштаганда дагы, эмне үчүн биз коомдук саламаттык сактоонун физикалык аралык, беткап жана кол жуу сыяктуу чараларды аткарууну улантууга тийиш экендигибиздин себептеринин бири.

Кимдер COVID-19га каршы эмделбейт?

Медицина кызматкерлери адамдарга COVID-19га каршы вакцина алуу керекпи же жокпу баарынан жакшы кеңеш бере алышат. Бирок колдо болгон маалыматтарга ылайык, төмөндөгүдөй оорулар менен жабыркаган адамдар COVID-19га каршы эмделбеши керек:
• Оору таржымалында COVID-19га каршы вакцинанын курамындагы кайсы бир компоненттерге карата оор аллергиялык реакциялар байкалган адамдар.
• Учурда ооруп жаткан же COVID-19дун симптомдору бар адамдар айыккандан кийин эмделе алышат.

COVID-19га каршы эмдөө кош бойлуу, кош бойлуулукту пландап жаткан аялдар жана бала эмизген энелер үчүн коопсузбу?

Кош бойлуу аялдар башка аялдарга салыштырмалуу COVID-19 оор дартынын өнүгүүсүнүн кыйла жогорку тобокелчилигине дуушар болушат.

Ошону менен бирге ушул тапта маалыматтардын жетишсиздигинен улам БДСУ кош бойлуу аялдарга эмдөө жасатууну сунуштабайт.
Кош бойлуу аял оору жуктуруп алуунун жогорку деңгээлине айласыздан дуушар болот (мисалы, медициналык кызматкерлер), эмдөө жөнүндө маселени өзүнүн дарыгери менен талкуулоо керек.
Эгерде бала эмизген аял эмдөөгө сунушталган топко кирсе (мисалы, медициналык кызматкер), аларга эмдөө жасалат. БДСУ эмдегенден кийин бала эмизүүнү токтотууну сунуштабайт.

мРНК менен даярдалган вакциналар коопсузбу? Эгерде алар жаңы технологияларга негизделген болсо, биз кантип ишенсек болот?

мРНК негизиндеги COVID-19га каршы вакциналардын технологиясы коопсуздукка дыкат текшерилген, ошондой эле клиникалык сыноолор мРНК негизинде даярдалган вакциналар узак убакытка созулган иммундук жоопту камсыздай тургандыгын далилдеди. мРНК вакцинасынын технологиясы бир нече ондогон жылдардын ичинде, анын ичинде Зика вирусуна, кутурма жана гриппке каршы вакциналардын контекстинде изилденген. мРНК-вакциналары тирүү вирус вакциналары болуп саналбайт жана адамдын ДНКсына таасирин тийгизбейт.

Categories: COVID 19

Tagged as:

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.