COVID 19

COVID-19га каршы вакцинасы боюнча талкуу клубдары: Дарыгерлер аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу

157

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын медицина кызматкерлери үчүн COVID-19га каршы эмдөө боюнча талкуу клубдарын өткөрүштү.

Семинарларга үй-бүлөлүк дарыгерлер, акушер-гинекологдор, пульмонологдор, кардиологдор, эндокринологдор, реабилитологдор жана невропатологдор катышты.

Өлкөдө эки жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан дискуссиялык клубдар актуалдуу илимий негизделген маалыматтарды алуу, медицина боюнча эң абройлуу журналдарда жарыяланган акыркы изилдөөлөр менен таанышуу, эмдөө маселелери боюнча пикир алмашуу жана жалпы эле медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн мыкты аянтча болуп калды.

Өлкөдө жана дүйнөдө коронавирус инфекциясы боюнча өзгөчө кырдаал жокко чыгарылганына карабастан, тар профилдеги дарыгерлер актуалдуу көйгөй – COVID-19дан келип чыккан кыйынчылыктар менен күрөшүүнү улантууда.

С.Данияров атындагы медициналык кайра даярдоо институтунун акушер-гинекологдорго дипломдон кийинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Елена Кибицтин айтымында, пандемия башталгандан бери бул тууралуу жетиштүү маалымат топтолгон. Кош бойлуу аялдардагы коронавирус плацента жетишсиздигин, плацента дисфункциясын жаратат, түйүлдүктүн да, эненин да ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирет. Вакцинация коронавирустун пайда болушун жана анын татаалдашын азайтууга жардам берет.

«Дарыгерлер эмдөө жөнүндө ишенимдүү сүйлөп, кош бойлуу аялдар эмдөөдөн коркпоосу үчүн талкуу клубдары өткөрүлүп жатат. Биз дарыгерлер аркылуу жарандарыбыздын аң-сезимин жогорулатууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Эмдөө түйүлдүккө терс таасирин тийгизбейт, ошондой эле балага өнүгүү кемчилигин жаратпайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен вакцинаны кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин алса болот. Эгерде сиз төрөткө чейин эмдөө алган болсоңуз, анда ымыркайдын канында COVID-19га каршы антителолор пайда болуп, балаңызды олуттуу оорудан сактайт.

Эмдөө зарыл, анткени биз балдарыбыздын дени сак төрөлүшүн каалайбыз», – дейт Елена Кибиц.

Калкты COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө маалымдоодо медицина кызматкерлеринин ролу жогору. Анткени, алардын ден соолугунун пайдасына чечим кабыл алуу үчүн калк ишенимдүү булактарга кайрылуусу керек.

«Коронавирус дагы эле актуалдуу тема. Вирус жаңы штаммдарды, ошол эле учурда жаңы симптомдорду жана кыйынчылыктарды пайда кылып, мутациялоону улантууда. Эмне менен күрөшүү керек, кандай чаралар, эң негизгиси алардын кайсынысы эң натыйжалуу экенин такай билүүгө үйрөнүшүбүз керек. Андыктан дискуссиялык клубдар сыяктуу иш-чаралардын мааниси чоң жана аларды тез-тез өткөрүп туруу максатка ылайык», – дейт өз пикирин Бишкектеги №7 ҮМБнын невропатологу Таттыбүбү Сатыбалдиева.

Жыл башынан бери COVID-19га каршы эмдөө боюнча талкуу клубдары Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында 300гө жакын медицина кызматкерлерин камтыды.

Мындан тышкары, ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин 500гө жакын баштапкы денгээлдеги медициналык адистери эмдөө боюнча бейтаптар менен инсандар аралык баарлашуу ыкмаларын үйрөнүштү.

Бул семинарлар USAID долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.  USAID MOMENTUM Routine Immunization Transformation and Equity (M-RITE).

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.