COVIDге каршы эмдөө

COVID-19га каршы –Vero Cell (Синофарм) вакцинасы

3509

COVID-19га каршы Vero Cell вакцинасы Sinopharm кытай фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана Пекиндеги Биологиялык өнүмдөр институту тарабынан өндүрүлүп жатат.
Vero Cell (Синофарм) вакцинасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган жана өзгөчө кырдаалдар шарттарында Covid-19га каршы коопсуз жана эффективдүү вакцина катары квалификацияланган. Вакцинанын эффективдүүлүгү эл аралык клиникалык сыноолордун III фазасынын жыйынтыктары боюнча 79%ды түзөт.
Vero Cell (Синофарм) вакцинасы техникалык иштеп чыгуу жана химиялык реагенттердин жардамы менен инактивациялануучу (жансыздандырылуучу) SARS-CoV-2 штаммынан өндүрүлөт. Бул ыкма вакциналарды түзүүдө эффективдүү деп эсептелет. Ушундай эле технология боюнча мисалы, полиомиелит жана гриппке каршы вакциналар иштелип чыккан. Vero Cell (Синофарм) вакцинасында антибиотиктер жана консерванттар жок.
Vero Cell (Синофарм) вакцинасы 45 өлкөдө: Кытай, Араб Эмираттары, Түркия, Сербия, Белоруссия, Бахрейн жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп жатат. 3 миллиондон ашуун адам эмделген.
Вакцина ак түстөгү жарым-жартылай тунук суспензиядан турат. 0,5 мл болгон ар бир флакондо SARS-CoV-2 жансыздандырылган антигенинин 6,5 бирдиги камтылган.
Вакцинанын артыкчылыгы +2°С +8°С чейинки температурада ташуу жана сактоо болуп саналат, бул республикадагы вакциналардын коопсуздугу жана эффективдүүлүгү боюнча талаптарга дал келет.
Эмдөө эки ирет 21-28 күн аралыгы менен жасалат, ар бир дозасы 0,5 мл түзөт.

Вакцина ийиндин жогорку бөлүгүндөгү булчуң ичине жасалат.
Көрсөтмөлөр:
Vero Cell (Синофарм) вакцинасы менен 18 жаштан жогорку курактагы адамдарды эмдөөгө болот.
Каршы көрсөтмөлөр:
►вакцинанын кайсы бир компонентине карата ашыкча сезгичтик же мурдагы дозасына карата аллергиялык реакциянын болушу
►оору баянындагы вакциналарга карата оор аллергиялык реакциялар
►кош бойлуулар жана бала эмизген аялдар
Курч же өнөкөт оорулары күчөгөн баскычта турган адамдар дарыгердин сунушу менен гана айыккандан кийин эмдөө жасата алат.
COVID-19га каршы эмдөөлөр боюнча суроолор келип чыккан учурда үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published.