Алкогол

Алкоголдун өспүрүмдүн организмине тийгизген таасири

323

На русском

Өспүрүмдү алкоголго спирт ичимдигинин даамы эмес, анын таасири – мас болуу абалы кызыктырат. Алкоголь ичкен учурда алгач күчтөнүп калгандай сезилет, канааттануу сезими пайда болот, маанайы көтөрүлөт. Өспүрүмдө алкоголь ичүү жашоодогу мыйзам ченемдүү көрүнүш деген ишеним калыптанат, бирок али күчкө толо элек организмде алкоголдон көз карандылык пайда болот. Алкоголь ичимдиктеринде камтылган этанол, ошол эле этил спирти өспүрүм куракта структуралык жана функционалдык өзгөрүүлөрдүн баскычында турган, ошондуктан химиялык заттардын таасири үчүн өзгөчө аялуу болгон баш мээнин ишине таасирин тийгизет. Ой жүгүртүүнүн өнүгүүсү кечеңдей баштайт, адептүүлүк жана этикалык нормаларды иштеп чыгуу бузулат, көрүнө баштаган жөндөмдүүлүктөр жоголушу мүмкүн. Ал эми өспүрүмдүн жетишерлик өнүгө элек мээси алкоголдон болгон көз карандылыкты калыптандырат.

Өспүрүмдүн боору алкоголдун таасири астында чоң адамдыкына караганда тезирээк бузулат, анткени өспүрүмдөрдүн кан тамыр капталдарынын өткөргүчтүгү жогору, ал эми боордогу ферменттердин иштөө механизми биротоло калыптанып бүтө элек.

Ашказан-ичеги тутумунун ишинде дагы бузулуулар байкалат – алкоголдун таасири астында ашказан ширесинин касиеттери жана өлчөмү өзгөрүлөт, ашказан безинин иши бузулат, бул панкреатит эле эмес, диабетке дагы алып келет.

Ал гана эмес эң эле жеңил сыра – заара айдоочу күчтүү каражат. Эгерде аны үзгүлтүксүз колдоно турган болсо, организмден белоктор, майлар, углеводдор, өзгөчө калий, магний жана С витамини жуулуп кетет, бул өспүрүмдүн өсүп келе жаткан организми үчүн орду толгус болушу мүмкүн.

Ал эми өспүрүм чөйрөсүндө абдан белгилүү болгон банкадагы алкоголу аз коктейлдер – кант, боёк жана спирттен турган чыныгы күркүрөгөн аралашма, ал алкоголдун дозасынан тышкары өспүрүмдүн организмине ашыкча өлчөмдөгү калорияларды берип турат. Мындай банкалардын ичинде нерв жана жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизүүчү кофеин камтылгандыгы сейрек эмес.

Categories: Алкогол

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.