COVID 19

Эми ПЧР-тестти 490 сомго тапшыра аласыз

257

ПЧР-тесттин баасы төмөндөтүлдү жана азырынча Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат.

Бишкек жана Ош шаарларындагы «Манас» жана Тамчыдагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунда жакын арада Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораторияларынын филиалдары ачылат.

Аларда изилдөөнүн баасы жеке лабораторияларга караганда бир нече эсе арзан болот. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу департаментинин жугуштуу, паразиттик оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева билдирди.

Ал эскерткендей, Кыргызстанга кирүү үчүн коронавирус инфекциясына ПЧР-тестти милдеттүү түрдө тапшыруу талап кылынбайт.
«Өлкөнүн, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга COVID-19га ПЧР-анализ тапшырбастан эле кире алышат. Бирок ПЧР-тест жаран бара жаткан өлкө ПЧР-тестти талап кылып калуусу мүмкүн. Бул бизге таандык укук эмес.

Мурда өлкөдөн чыккандар ыкчам тартипте аэропорттордо жеке лабораторияларда анализ тапшыра алышчу. Биз аларга иштегенге тыюу салган жокпуз, бирок эми мамлекеттик лабораторияларды ачып жатабыз. Адамдар кайсынысында ПЧР-тестти тапшыруу ыңгайлуу болорун өздөрү тандашат», – деди Оторбаева.

 Башка өлкөлөргө чыгуу үчүн ПЧР-анализди Бишкек ш. Фрунзе көчөсү 535 дарегиндеги Оорулардын алдын алуу департаментинин лабораториясынан алдын ала тапшырып койгон оң.

Анализ тапшыруу пункту жумасына 7 күн дем алышсыз жана майрам күндөрү дагы иштейт, иш күндөрү анализ саат 8:30дан 15:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 8:30дан 12:00гө чейин тапшырылат.

Зарыл анализдерди тапшырууга жетишпей калгандар гана ПЧР-изилдөөдөн ыкчам тартипте аэропорттун өзүнөн мамлекеттик лабораториядан 490 сомго өтө алышат. Жыйынтыгы 1,5-2 сааттын ичинде даяр болот. Кезектер болбош үчүн аэропортко учууга чейин 4 саат эрте келүүнү өтүнөбүз.

Ошондой эле эскерте кетсек, COVID-19га акысыз ПЧР анализ тапшыруу социалдык статусуна карата акысыз медициналык-санитардык жардам алуу укугу бар категориядагы жарандарга тийиштүү:

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
Баткен окуяларынын катышуучуларына; Эмгектин ардагерлерине;
70 жаштан жогору улгайгандарга;
 «Баатыр эне» орденинин ээлерине;
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга – көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтун майыптарына;
18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга;
АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;
6 жашка чейинки балдарга;
жетим балдарга;
аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.