05.01.2021 Temirlan
Жыл сайын белгиленүүчү бул майрам быйыл дагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө өткөрүлдү. Иш-чарада медицина илимдеринин кандидаты, профессор Раиса Атамбаева, Жогорку Кеңештин депутат айымдары Альфия Самигуллина жана Махабат Мавлянова баштаган, эл аралык уюмдар менен фонддордун өкүлдөрү, борбордун дарыгерлери катышышты. Майрамдын негизги коноктору – атайын чакырылган апалар болушту.
Кыргызстандын экс-биринчи айымы Раиса Атамбаева, бардык аялзатын майрамы менен куттуктап, жети кщн, 24 саат бою талыкпаган бир гана кесип – бул энелердин кесиби экенин баса белгиледи.
Улуттук борбордун башкы врачы Салтанат Назаралиева: « Биз дарыгербиз, ошол эле учурда энебиз. Эне –бул ыйык жан. Өлкөбүздө энелердин майрамы атайын өзүнчө күнү белгиленгени, албетте сүйүнтөт», -деди.
Энелерди куттуктоо үчүн эстрада жылдыздары Динара Акулова, Айбек Касымов, манасчы Ширин Сарыгулова ыр белектерин тартуулашты. Андан сырткары, иш-чарага катышкан айымдардын бардыгына Эне жана баланы коргоо улуттук борбору гүл десте менен бирге белектерин беришти. Ал эми, дарыгерлерге атайын сыйлыктар таратылды.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР