COVID 19

КРнын түштүк аймактарынын медицина кызматкерлери COVID-19 инфекциясын алдын алууда эмдөөнүн ролу тууралуу билимдерин жогорулатышты

412

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Ош шаарында түштүк аймактардын медицина кызматкерлерине COVID-19 инфекциясынын алдын алууда эмдөөнүн ролу боюнча тренингдерди өткөрүштү. Семинарга Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорунан 30га жакын үй-бүлөлүк медайым, иммунологдор катышты.

Катышуучулар коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча акыркы изилдөөлөрдөн заманбап далилдүү маалыматтарды алышты, пикир алмашышты, COVID-19 пандемиясынан улам Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан өзгөчө кырдаалды жоюуга байланыштуу калк арасында алдын алуу иш-чараларынын мындан аркы планын талкуулашты.

COVID-19 үчүн пандемия статусу жокко чыгарылганына карабастан, дүйнөдө жана өзгөчө Кыргызстанда бул оорунун жаңы учурлары катталууда. Медицина кызматкерлери бул вирустун кесепеттери менен күрөшүүнү улантууда. Жана COVID-19дун толкундуу мүнөзүн жана жаңы штаммдардын пайда болуу кооптуулугун эске алганда, вирусту жеңдик деп айтуу али эрте.

«Алдын алуу чарасы катары санитардык эрежелерди сактоо зарыл: колду бат-баттан жууп, жайларды желдетип, эл көп чогулган жерлерден оолак болууга аракеттенип, эмдөөдөн өтүңүз. Вакцинация COVID-19ду жеңүүдө эң натыйжалуу чара болуп калууда, албетте муну жарандар билиши керек», – деп белгилешти Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери, ошондой эле алар медицина кызматкерлерин калк арасында активдүү агартуу иштерин улантууга чакырды.

Өз кезегинде тренингдин катышуучулары уюштуруучуларга жана Саламаттык сактоо министрлигине ведомство башчысы Г.Баатыровага медицина кызматкерлеринин билимин жана потенциалын жогорулатууга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бул тренингдер Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалында ЮНИСЕФтин адистеринин колдоосу менен өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин мындай семинарлар Бишкек шаарында Чүй облусунун медицина кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.