![](http://kg.ds.kg/uploads/news/5a02e64523c31a052173ff3d3a74a2b1.jpg)
12-октябрда Нарын шаарындагы Тянь-Шань паркында шаардык мектептердин окуучуларынын арасында “Тазалык ден соолуктун булагы” аттуу конкурс өттү. Уюштуруучулардын айтымында, конкурска жетекчилери менен биргеликте 300гө жакын окуучу катышкан. Конкурс үч баскычтан турат: мыкты ураан, оюн коюу, санбюллетенди коргоо. Ошондой эле ҮДБ адистери, фельдшерлер, жергиликтүү жашоочулар, мэриянын өкүлдөрү жана ЖМК катышты.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР