COVID 19

Дарыгерлерге жардам бериңиздер – санитардык эрежелерди сактаңыздар!

190

Саламаттык сактоо системасынын орундардын жана медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги түрүндөгү жүктөмүн азайтуу үчүн эки кат беткап же чыпкалуу респиратор тагынып жүрүү, социалдык аралыкты сактоо, колду тез-тез жууп туруу, антисептик колдонуу жана эмдөөдөн өтүү зарыл. Бул тууралуу 17-январдагы брифингде Улуттук онкология жана гематология борборунун онкогематология бөлүм башчысы Шербет Жусупова билдирди.

” Коронавирустук пандемиянын жаңы толкуну грек алфавитинин 15-тамгасы – омикрон менен аталган көп мутациялуу вирус менен шартталган.

Бул штаммдын өзгөчөлүгү – жугуштуулугу жогору, 3-7 эсе тез жайылат. 2-5 күндөн кийин оору баштын оорушу, тамак оору, мурундун бүтүшү, жөтөл, тердөө менен башталат.

Байкоолор боюнча “омикрон” учурда клиникалык жеңил түрдө өтүүдө. Бирок мындай көрсөткүчтөр эмдөө менен камтуу көрсөткүчтөрү жогору өлкөлөрдө белгиленүүдө”, – деди ал.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.