ДЕН СООЛУК

Балыкчы шаардык мэриясында «Кыргызстандагы улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу” аталышында жолугушуу өттү

518

2024-жылдын 21-февралында Балыкчы шаардык мэриясынын жыйындар залында «Кыргызстандагы улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу” аталышында жолугушуу өттү. Жыйында Карылар ресурстук борборунун демилгеси менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жана Балыкчы шаарынын мэриясы менен биргеликте өттү. Жыйынга социалдык кызматкерлер, жергиликтүү активисттер жана коомдук лидерлеринин катышуусунда болду

Катышуучулар Кореянын Эл аралык ден соолук фондунун (KOFIH) колдоосу менен Карылар үчүн ресурстук борбор тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу” долбоорунун максаттары жана милдеттери менен тааныштырылды. Долбоор сергек карылык жана активдүү карылык боюнча билим берүү иш-чараларын, ошондой эле аярлуу улгайган адамдарды жыл сайын профилактикалык текшерүүлөрдү камтыйт.

Өз сөзүндө РДЧжМК борборунун «Дени сак шаарлар» программасынын координатору Жыргал Молдоакматова “ден соолук ар бир адамдын гана эмес, бүтүндөй коомдун баа жеткис байлыгы” экендигин баса белгиледи. Ал узак жана активдүү жашоону камсыз кылуу үчүн жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо маанилүү экенин белгиледи.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айзирек Галдыбаева улгайган адамдардын тамактануусу жана физикалык активдүүлүгүнүн ролу тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, тең салмактуу тамактануу жана үзгүлтүксүз көнүгүү улгайган куракта ден соолукту жана мобилдүүлүктү сактоого көп жардам берет. Үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Венера Билалиева өткөргөн мастер-класстын алкагында катышуучулар улгайган адамдар үчүн физикалык терапия боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты.

Тармактар ​​аралык кеңешменин соңунда «Карылар үчүн ресурстук борбордун» президенти Светлана Баштовенко социалдык жана медициналык кызматкерлерге, ошондой эле коомчулуктун активисттерине «Карылыктын биологиялык жана медициналык-социалдык кесепеттери жөнүндө» тренинг өткөрдү. Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар карылык тууралуу жаңы маалыматтарды алышты жана улгайган адамдардын ден соолук көйгөйүнүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун түшүнүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.