ЖАҢЫЛЫКТАР

Өпкөнүн өнөкөт оорулары

224

1.      ӨӨБД  деген эмне ?

Өпкөнүн өнөкөт бүктөлмө дарты (ӨӨБД) –бул бронхтордун бүтөлүп жана өпкөнүн тканынын жабыркашынын натыйжасында дем алуунун бузулушуна алып келүүчү оору. Бул көп жылдар бою тамеки тарткандын кесепетинен өпкөнүн жабыркашы.

Башкача айтканда тамекинин түтүнү ӨӨБДүн өөрчүшүнө негизги себеп болот (тамеки тартуудан же тамекини түтүнү менен дем алгандан).  

ӨӨБД бул көп учурда эки оорунун кошундусу:

  • Өнөкөт бронх оорусу. Өнөкөт бронх оорусунда өпкөгө келүүчү дем алуу жолу  жабыркап, былжыр көп чыгат. Бронхтор жоноюп, бир жагы ичкерип, дем алууга тоскоолдук жаратат.Мындай абалда адамдын дем алуусуна кыйла кыйынчылык алып келет.
  • Эмфизема.  Эмфиземе легких, бронхдун стенкалары жабыркап, ийкемдүүлүгүн жоготот. Жыйынтыгында өпкөдөгү дем алуу менен кандын керектүү газ алмашуу  (кычкылтек менен көмүр кычкыл газы) аянтча азаят. Ошондон улам  кан тамырларга кислород жетпегедиктен дем кысылып , аба жетпегендей болот.

 Убакыттын өтүшү менен ӨӨБД кыйын болуп баштайт. Өпкөнүн жабыркап баштаганын бир күнү токтотуу мүмкүн эмес. Бирок  өпкөнүн жабыркоосун басандатуу менен, ӨӨБД  менен жабыркаган адамдын өзүн –өзү жакшы сезип калат. Оруу өтүшкөндө майыптыкка алып келет.

2. Заманбап дарылануу эффективдүүбү?

Оорунун аталышында өнөкөт деген сөз колдонулуп жаткандыктан заманбап дарылануу ооруну толук айыктыра албайт. Ошондой болсо да,ӨӨБДынын күчөшүн токтотуунун эн сонун жолу –тамеки тартууну таштоо!  

Чылым чегүүнү таштоо –бул эн маанилүү кадам. Көп  убакыт тамеки тартканына карабай  ӨӨБДнын денгээлине карабастан тамекиден баш тартуу өпкөнүн жабыркоосун басандатат. Дарыгер дарылоону сунуштайт, ал оорунун белгилерин азайтып жана өзүңүздү жакшы сезип,ошого байланыштуу жакшы жашайсыз. Догдур дарылоодо оорунун белгилерин женилдетип жана өзүн жакшы сезип, жыйынтыгында жакшы жашоого багыттайт.  Дары дармектер дем алууну женилдетүүгө гана жардам берет, демиңиз кысылбай калат.

ӨӨБДыны дарылоодо төмөндөгүлөр колдонот:

  • Бронх –дары дармектери  бронхторду кенейтип, сыйгалак тамырлардын капталдарын эс алдырат. (фенотерол, атровент, сальбутамол)
  • Муколитик дарылар брохтогу былжырды суюлтуп алып чыгууга жардам берет (бромгексин, амброксол)

3. Астма менен ӨӨБДнын байланышы?

 Астма менен ӨӨБДнын көрүнүшү окшош,бул ооруларды оңой эле айырмаласа болот. Ошентсе да, себептери жана дарылоо патологиалары бирдей эмес.  

Бул оорулардын окшош белгилери жөтөл менен дем кыстыгуу. Бирок ӨӨБДы эртен мененки жөтөл менен какырык коштойт, ал эми астма-көкүрөк кысылып, кыйналуу жолу аркылуу кышылдап дем аласыз, өзгөчө түн ичинде.  ӨӨБД эң биринчиден тамеки тартуу менен байланышат, ал эми астма оорусу менен тамеки чеккендер дага чекпегендер дагы оорушат (тамеки чегүү ооруну күчөтөт, тамеки тарткандар эки оору менен тең оорушат).

4.    ӨӨБД өөрчүп кетсе эмне кылуу керек?  

Ошол замат дарыгерге кайрылып, ооруканада дарылануу керек.

 5.     ӨӨБДнын алдын-алуу үчүн эмне кылуу керек? 

Баарынан мурда оорунун алдын-алуу үчүн тамекини таштоо, тартсаныз таштоо керек!!! Экинчиден, дем алуу органдарындагы жугуштуу ооруларга өзгөчө көңул бурунуз. ӨӨБД менен ооруган адамдар өпкө ооруларын тез жугузуп алышат. Мындай жарандарга жыл сайын сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүп турушат.  Андан тышкары эмдөөлөр ӨӨБД оорусун басаңдатып,ошондуктан эмдөө 65 жаштан жогорку курактагы бейтаптарга жана ӨӨБДнын оор түрү менен ооругандарга сунушталат. Эгер ӨӨБДга чалдыккан бейтап өпкө оорусу менен да ооруйт, эмдөө алган бейтаптарда өпкө оорусу жеңил өтөт.

Үйдө болгондо кээ бир нерселерди сактоо менен ӨӨБДнын өөрчүшүн басандата аласыз:

  • ар кандай химиялык заттардан сактануу керек, алар өпкөнү дүүлүктүрөт (булганыч аба, түтүн). Мындан тышкары муздак кургак аба приступ болууга түрткү берет;
  • үйдө аба желдеткич же кондиционер;
  •  иш учурунда эс алууга убакыт бөлүңүз;
  •  жакшы келбетти сактоо үчүн узак убакыт көнүгүүлөрдү үзгүлтүксүз жасоо;

керектүү заттарга муктаж болбоо үчүн жакшы тамактануу керек.

6.       ӨӨБД кантип тарайт?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун  маалыматы боюнча ӨӨБДдан жыл сайын 3 миллион адам каза болот. Анын 90%ы  орто жана төмөн кирешелүү өлкөлөрдө кездешет.

 7.   ӨӨБДнын алгачкы белгилери кандай?

ӨӨБДнын көп кездешүүчү белгилери дем кыстыгуу,какырык коштогон шилекейдин бөлүнүшү жана өнөкөт жөтөл. Оору күчөгөн сайын кыймыл аракет төмөндөйт, мисалы тепкичтерден көтөрүлүү. Себеби кыйынчылык менен дем алуу көп энергияны саптайт. ӨӨБД менен ооругандар алсыз болуп, арыкташат.

 8.    ӨӨБД менен ооруган бейтап   толук баалуу өмүр сүрө алабы?

Ооба, эң негизгиси дарыгер жазып берген дары-дармектерди колдонуп, калыбына келтирүү программасынан өтүп, приступтарды башкарууну үйрөнөсүз. Адистер  бул программа боюнча бейтаптарды туура дем алууга,кыйналбай дем алуу менен кандай көнүгүүлөрдү жасоону, туура тамактанууну үйрөтөт.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.