Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгерлери Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен ишке ашырылган мини-гранттык программанын жеңүүчүлөрү болушту.

Бул программанын алкагында борбордун адистери Японияда жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча потенциалды жогорулатуу программасынан өтүп, алган тажрыйбасын Кыргызстанда жайылтууда.

Мини-гранттын негизинде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мыкан айылында улгайган адамдар үчүн «Скандинавиялык басуу жана туура тамактануу» темасында практикалык мастер-класс уюштурулду.

Иш-чарага 100гө жакын улгайган тургун катышып, алар физикалык активдүүлүктүн жана туура тамактануунун ден соолукту чыңдоодогу ролу тууралуу пайдалуу маалымат алышты. Катышуучулар практикалык көнүгүүлөрдү жасап, скандинавиялык басуунун негизги ыкмаларын үйрөнүштү.

Мастер-класс жыйынтыгында катышуучуларга 20 даана скандинавиялык таяк тапшырылды.




Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө тузду, кантты жана транс-майларды азайтуу боюнча кеңештер берилди. Катышуучуларга альтернативдүү азыктар – туздун ордуна лимон жана жыттуу чөптөр, канттын ордуна мөмө-жемиштер жана кургатылган мөмөлөр, ошондой эле маргариндин ордуна өсүмдүк майлары тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, ден соолукка пайдалуу тамак бышыруунун жолдору көрсөтүлдү.
Бул иш-чара JICAнын колдоосу менен улгайган калктын ден соолугун чыңдоо жана жугушсуз оорулардын алдын алуу боюнча эл аралык тажрыйбаны жайылтуу максатында ишке ашырылды.
Categories: Жугуштуу эмес оорулардын а-алуу
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
249