ЖАҢЫЛЫКТАР

Ден соолукту чыңдоо борбору балдарды майрамы менен куттукады

249

Бүгүн Кыргызстанда 1-июнь-Балдарды коргоо күнү белгиленүүдө. Аталган майрамдын алкагында, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун (РДЧМКБ) адистери Бишкек шаарындагы Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борборундагы балдар менен жолугушту.

Иш-чаранын демилгечиси, РДЧМК борборунун коом менен байланыш боюнча адиси Жеңишгуль Тоголокова балдар үчүн атайын куурчак театрын даярдаган. Ошондой эле, балдарга колду туура жуу боюнча мультфильм көрсөтүлүп, борбордун атынан белектер жана таттуулар тапшырылды.

Бишкек шаардык Балдарды социалдык жактан тейлөө борборунун тарбиячысы Кундуз Калдымолдоеванын айтымында, борбордо 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар жашайт. Биздин иш-чарага кичинекей жаштагы 48 бала катышты.
“Биздин борборго балдарды күнү-түнү кабыл алабыз. Алар бул жерде 6 ай жашашат, андан кийинки жашай турган жерин комиссия чечип, жөнөтөт. Айрым балдар эки-үч жолудан кайрадан түшүшөт. Негизи балдар бизди угушат, мектепке барып – келип окугандары бар, кружокторго кызыгып катышышат”, – деп кошумчалады К. Калдымолдоева.

Leave a Reply

Your email address will not be published.