COVID 19

РДЧжМК борбору КОВИД-19га каршы эмдөө тууралуу тренинг өттү

694

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин ичинен ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистерине КОВИД-19га каршы күрөшүү жана аны алдын алуу максатында эмдөө тууралуу семинарларды өткөрүштү. Семинардын жүрүшүндө адистер, COVID-19га каршы эмдөө тууралуу коомчулук менен мамиле түзүү ыкмаларынын түрлөрү жөнүндө маалымат алышты. Бул иш чара Кыргызстандын 7 облусунда 1 күндүк программанын негизинде окутулду.

Окутуунун максаттары:

1 күндүк окутуучу пакеттин максаты иммундаштыруу программаларына медицина кызматкерлеринин арасында төмөндөгү маселелер боюнча билимдерин, мамилелерин жана тажрыйбаларына көмөктөшүү болуп саналат:

1.COVID-19га каршы эмдөө маселелери боюнча адамдар ортосундагы мамилелердин маанилүү принциптерин түшүнүү жана колдонуу

2.медицина кызматкерлеринде калк арасында COVID-19га каршы вакцинанын коопсуздугу жана эффективдүүлүгүнө байланышкан суроо-талаптарга жана көйгөйлөргө болгон фактылардын негизинде эффективдүү жооп берүүгө ишенимдүүлүктү бекемдөө

3.COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүдөгү оор кырдаалдардагы медицина кызматкерлеринин аракеттер алгоритми.

Жыйынтыгында 7 облустун адистери окутулгандан кийин эми арабыздан кетпей калып калган коронавирустан сактануу жолдорун өздөштүрүшүп дарыгерлер элге кантип туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү үйрөнүп чыгышты жана сертификаттарга ээ болушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published.