ЖАҢЫЛЫКТАР

«Дени сак жамаат» сынагынын жеңүүчүлөрү чуркоочу спорттук жабдуу, веломашыктыргыч, теннис столу менен сыйланышты

725

Үзгүлтүксүз физикалык көнүгүү ден соолукту чыңдоого жана сактоого гана эмес, жугуштуу эмес оорулардын: II типтеги диабет, рак, гипертония жана башкалардын пайда болуу коркунучун олуттуу түрдө азайтат.

Физикалык активдүүлүк ден соолукка узак мөөнөттүү оң таасирин тийгизет жана жашоонун сапатын жакшыртат.

Жугуштуу эмес ооруларды дарылоого караганда алдын алуу оңой.

Буга байланыштуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору кызматкерлердин жумуш ордунда ден-соолугун чыңдоого багытталган «Дени сак жамаат» сынагын өткөрдү.

Ага Бишкектин 17 саламаттыкты сактоо уюму катышып, 12си финалга чыкты.

Сынак 2022-жылдын 5-июнунан 31-июлуна чейин социалдык тармактарда (Facebook, Instagram) #Дени сак жамаат хештеги менен өткөрүлдү.

Мелдештин максаты – дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, физикалык активдүүлүктү жайылтуу жана кыймылсыз жашоого каршы күрөшүү. Саламаттыкты сактоо уюмдары коомчулукка сергек жашоо образын сактоонун маанилүүлүгүн өз үлгүлөрү менен көрсөтүштү.

Эки айдын ичинде мелдештин катышуучулары күндү көнүгүү менен баштап, күн сайын кан басымын өлчөп, жалпы эле физикалык жактан активдүү болуу адатын калыптандырышты. Андыктан РДЧжМК борбору медицина кызматкерлерин мындан ары дагы флешмобду улантууга, бир команда болуп активдүү эс алууга жана дене тарбия менен алектенүүгө чакырат!

Бүгүн, 10-августта РДЧжМК борборунда “Дени сак жамаат” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Республикалык ден соолукту жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева, «Профилактикалык медицина» коомдук уюмунун директору Омор Касымов, КР ММСжЖСМнин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлү жана башкалар мелдештин катышуучуларын куттуктоого келишти.

Сынактык комиссиянын курамына Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, РДЧжМКнын, КРнын ММСжЖС министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.

Сынактын катышуучулары эки ай бою социалдык тармактарга активдүү жашоо образын кандайча алып барышканы тууралуу фото жана видеолорду жайгаштырышкан – алар күндү көнүгүү менен башташып, жарыштарга жана жөө жүрүштөргө команда болуп катышышты. Жалпылап айтканда физикалык активдүүлуктүн түрлөрүн жогорку деңгээлде аткарып көрсөтүштү.

Жарыяланган посттор мазмундун сапаты, креативдүүлүгү, жактыруулардын саны, көрүүлөр жана комментарийлер сыяктуу 8 критерий боюнча бааланды. Байгелер менен, бул спорттук шаймандарды сатып алууда ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөттү.

Сынактын жыйынтыгында негизги орундар төмөндөгүдөй сыйлыктар менен сыйланышты:

1-орун: №5 ҮМБ (Чуркоочу спорттук жабдуу)

2-орун: №2 ҮМБ (веломашыктыргыч)

3-орун: №1 ҮМБ (Теннис столу)

Номинациялар:

“Эң ынтымактуу дени сак жамаат” номинациясы менен – Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту (Спорттук турник)

«Эң чыгармачыл дени сак жамаат» номинациясы менен – №4 ҮМБ (Спорттук топтордун топтому)

«Элдик сыйлык» номинациясы менен — №8 ҮМБ (Спорттук топтордун топтому)

«Умтулуу» номинациясы менен — №3 ҮМБ (Спорттук топтордун топтому) сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published.