ЖАҢЫЛЫКТАР

ДССУ үй-бүлөлүк дарыгерлерге бейтаптын үйүнө барып кароо, баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги кызматтарды көрсөтүү үчүн 190 сумка сатып алды

154

ДССУ үй-бүлөлүк дарыгерлерге күн сайын бейтаптын үйүнө барып кароо жана үй-бүлө мүчөлөрүнө баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги кызматтарды көрсөтүү үчүн 190 сумка сатып алды. Сумкалар кан басымын, Кандагы глюкозаны, гемоглобинди жана зааранын негизги анализдерин өлчөө үчүн керектүү медициналык жабдууларды камтыйт. Пульсоксиметр, термометр, жгут, фонарлар жана кош бойлуулар үчүн стетоскоптор дарыгерлерге күнүмдүк акушердик жана педиатриялык кызматтарды көрсөтүүгө жардам берет. Кошумчалай кетсек, сумкалардын ичинде кош бойлуу аялдардагы түйүлдүктүн жүрөгүнүн кагышын аныктоо жана каттоо үчүн мобилдик КТГ аппараты бар.

Сумкалар бейтаптардын үйүнө барууда алып жүрүүгө, ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылган бейтаптарды тейлөөгө абдан ыңгайлуу. Сумкалар пилоттук демилге катары Чүй облусундагы үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылды.

Сумкалардан тышкары, №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна аз кандуулук менен ооруган бейтаптардын жана өзгөчө кырдаалдарда кандагы гемоглобинди тез аныктоочу жана “Hemoque” кан анализаторлору берилет.

«Үй-бүлөлүк дарыгерлердин сумкалары жана “Hemoque” жабдыктары менен камсыз кылуу баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде жардамдын сапатын бир топ жакшыртаарын кубануу менен белгилейбиз.

Дарыгерлер бейтаптарга барганда өздөрүн ишенимдүү сезишет жана бардык курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу жана ар тараптуу жардам көрсөтө алышат. Бейтаптардын канааттануусу жана саламаттыкты сактоого болгон ишеними да жакшырат, – дейт ДССУНУН Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова. –

Бул демилге дагы эле пилоттук. Эки айдын ичинде биз дарыгерлердин маалыматын топтоп, берилген жабдыктар жана сарпталуучу материалдар пайдалуу болгон-болбогону боюнча пикирлерди чогултабыз”. «ДССУНУН Евробиримдиктин каржылык жардамы менен үзгүлтүксүз колдоосу, биринчи кезекте, жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлерди колдоого жана шыктандырууга, ошондой эле үзгүлтүксүз негизги медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жардам берет», – деп белгиледи саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.