Алдын алуу

Деменциянын симптомдору жана алдын алуу

629

Деменция – бул  адамдын психикалык жактан жабыркашы, оорулуунун (когнитивдик) ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү бузулуусу. Деменция эс тутумунун, акыл-эс жөндөмүнүн, убакытта жана мейкиндикте багыттоо жөндөмүнүн, адамдарды жана объектилерди таануу жөндөмүнүн акырындык менен начарлашына алып келет.

Деменция убакыттын өтүшү менен өрчүйт. Бул негизинен улгайган адамдарга таасир этет, бирок бардык эле адамдар улгайган сайын акыл-эси начарлай бербейт.

Деменциянын пайда болуу коркунучун жогорулаткан факторлорго төмөнкүлөр кирет: 

• жаш курагы (деменция 65 жаштан жогорку курактагы адамдарда көбүрөөк кездешет);

 • жогорку кан басымы (гипертония);

 • кандагы канттын жогору болушу (кант диабети);

 • ашыкча салмак же семирүү;

 • тамеки тартуу;

 • спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу;

 • физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги;

• социалдык обочолонуу;

 • депрессия.

Деменциянын физикалык, психологиялык, социалдык жана экономикалык кесепеттери деменция менен жашаган адамдар үчүн гана эмес, ошондой эле алардын камкорчулары, алардын үй-бүлөлөрү жана бүтүндөй коом үчүн.

Деменциянын алгачкы белгилери жана симптомдору төмөнкүлөрдү камтыйт:

• эске тутуу жана акыркы окуяларды унутуу;

• нерселерди жоготуу же алардын кайда калганын эстей албай калуу;

• сейилдөөдө же унаа айдап баратканда рельефтин багытын бузуу;

• тааныш чөйрөдө да ориентациянын бузулушу;

• убакыттын эсебин жоготуу;

• көйгөйлөрдү чечүүдө же чечим кабыл алууда кыйынчылыктар;

• маекти ээрчүү жөндөмүнүн бузулушу же сөздөрдү табуу кыйынчылыгы;

• тааныш тапшырмаларды аткарууда кыйынчылык;

Деменция  диагнозу коюлган адамга оорунун белгилери менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн өз алдынча жардам берүү ыкмалары бар: Физикалык активдүүлүктү сактоо;

*туура тамактануу режимин сактоо;

*тамеки чегүүнү жана спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотуу;

*дайыма дарыгердин кароосунан өтүү;

*күнүмдүк тапшырмаларды жана пландаштырылган жолугушууларды жазуу жүзүндө жазыңыз, анткени бул маанилүү маселелерди унутпоого жардам берет;

 *хоббиден баш тартпаңыз жана ырахат алып келе турган иштерге убакыт бөлүңүз;

*психикалык активдүүлүктү стимулдаштыруучу жаңы иш-аракеттерди жасоого аракет кылуу;

 *достор жана үй-бүлө менен убакыт өткөрүп, коомдук жашоого катышыңыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.