Жугуштуу оорулар

Эгер балаңыз кызамык менен ооруп калса эмне кылуу керек?

2319

ЭСКЕРТҮҮ-КЫЗАМЫК!

Кызамык – бул аба аркылуу бат тараган жугуштуу курч дем вирустук оору. Ооруга чоңдор жана балдар чалдыгышы мүмкүн.

Кызамык менен ооруган адам гана инфекциянын булагы болуп саналат. Кызамык менен мурда оорубаган жана бул ооруга каршы эмделбеген адамдар, бейтап менен байланышкан учурда, жаш курагына карабастан, дээрлик 100% ооруйт.

Кызамык кантип жугат?

Вирус оорулуу адамдын шилекейинен бөлүнгөн тамчылардын аба аркылуу жайылышынан жугат. Тагыраагы адам

* чүчкүргөндө

* жөтөлгөндө

* сүйлөгөндө оору жугат.

Ошондой эле жеке тыгыз байланышкан учурда, кучакташканда, өбүшкөндө дени сак адам ооруга чалдыгат.

Вирус имараттарды желдетүүчү системалар жана лифт шахталары аркылуу жайылат – көп кабаттуу үйлөрдө жашаган балдар бир учурда ооруга кабылышы мүмкүн.

Кызамык канча убакытта билинет?

Оорунун алгачкы белгилери 7 – 14 күндүн ичинде байкалат.

Ооруган адамдын:

* дене температурасы 38-40 градуска чейин көтөрүлөт

* кескин түрдө алсырайт

* тамакка табити кетет

* кургак жөтөлөт

* мурду агат

* конъюнктивит (көздүн былжыр чели сезгенет)

* денесине кызыл бүдүрчөлөр чыгат.

Эмнеге кызамык – кооптуу оору болуп саналат?

Кызамык оорусу өпкөнүн, баш мээнин, көздүн сезгенишине алып келет. Курч түрү сокурлукка алып келиши мүмкүн. Оору күчөп кетсе, өлүмгө чейин жеткириши ыктымал.

Көбүнчө беш жашка чейинки балдарда жана курагы 30 жаштан өткөн чоң кишилерде оору кыйынчылыктар менен коштолоору байкалган.

Эгер балаңыз кызамык менен ооруп калса эмне кылуу керек?

– медициналык жардам алуу үчүн жашаган жериңиздеги ҮМБ/ЖДПБ/ҮДТ менен телефон аркылуу байланышыңыз;

– ҮМБ/ЖДПБ/ҮДТ өз алдынча барбоо, медициналык кызматкерди үйдө күтүү сунушталат;

– дарыгер келгенге чейин башка адамдарга жакын жолобоо зарыл;

– бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу чүпүрөк менен тазалоо маанилүү;

– өз алдынча дарылануу – оор кесепеттерге алып келет!

Балдарды кызамыктан кантип коргош керек?

Кызамыктын алдын алуунун эң ишенимдүү жана эффективдүү ыкмасы – эмдөө болуп саналат.

Балдарды эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөр боюнча Улуттук календарына ылайык 12 айында жана 2 жашында кайрадан жүргүзүлөт (*Жаңыртылды).

Балаңызды кызамыктан сактаңыз!

Leave a Reply

Your email address will not be published.