Алдын алуу

Эхинококкоз, гепатит, зомбулуктун алдын алуу

196

Түштүк аймактарда Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери үчүн окутуулар өтүлүп жатат.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери түштүк аймактардын медициналык кызматкерлерине атайын окууларды өткөрүп жатышат.

20-апрелде шаардык, облустук жана райондук ДЧКнын, ҮМБнун жана ЖДПБнун адистери үчүн семинарлар башталды. Алар Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөрүлүүдө.

Темасы: эхинококкоз, вирустук гепатит сыяктуу жугуштуу эмес жана жугуштуу оорулардын алдын алуу, ошондой эле «Зордук-зомбулуктун алдын алуу».

Окутуудан кийин ДЧКнын адистери каскаддык ыкма менен алынган маалыматты калкка жеткиришет. Анын ичинде класс жетекчилер жана жогорку класстын окуучулары бар.

Leave a Reply

Your email address will not be published.