COVIDге каршы эмдөө

Эмдөө тууралуу суроолор

159

Антитело деген эмне?

Антитело – бул микроорганизмдердин көбөйүшүнө тоскоол болгон жана алар чыгарган уулуу заттарды нейтралдаштыруучу кан плазмасынын белок кошулмалары.
Вакциналар антитело деп аталган белокту иштеп чыгып, оору менен күрөшүүгө үйрөтөт.

“Жамааттык иммунитет деген эмне?”

Жамааттык иммунитет эмдөөдөн кийин же ооругандан кийинки иммунитеттин жогорулашына жардам берет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жамааттык иммунитетти күчөтүүгө үндөйт, анткени бул учурда калк арасында оорунун жайылышына бөгөт коюлуп, өлүм учурлары азаят.

Эмдөө деген эмне?

Эмдөө – бул жөнөкөй, коопсуз жана эффективдүү түрдө организмди оорудан коргоп калуу чарасы.
Эмдөө организмдеги бар болгон табигый механизмдерди иштетип, иммундук системаны күчтөөгө жардам берет.
ДСУнун маалыматында, жыл сайын вакциналар 2- 3 миллион адамдын жашоосун сактап калат.

Эмне үчүн эмдөөдөн өтүү керек?

Биринчиден, эмдөө өзүңдү жана башкаларды оорудан коргойт. Экинчиден, эмдөө алууга терс көрсөтмөлөрү бар болгон адамдардын оорудан сактануусу, башкалардын эмдөө алгандыгынан көз каранды болот.

Leave a Reply

Your email address will not be published.