Алдын алуу

Энтеровирустук инфекция

144

Майда жараттар, кусуу, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү – энтеровирустук инфекциянын негизги белгилери болуп саналат.

 Бул жөнөкөй сезондук оору. Кыргызстанда азыр күчөшү байкалган жок, бирок учурлары катталып жатат.

«Ичеги, энтеровирустук жана ротавирустук инфекциялардын көбөйүшү күтүлүүдө. Акыркы 2-2,5 жылдын ичинде жугуштуу ооруларга чалдыгуу төмөн болгон, анткени көптөгөн адамдар обочолонууда болуп, беткап тагынуу режимин, социалдык аралыкты сактап, үйдө отурушкан. Коронавирус инфекциясы басымдуулук кылды. Азыр дагы COVID-19 учурлары бар, бирок ичеги, энтеровирустук инфекциялар менен ооругандар да кабыл алынууда. Кимде оорунун өтүүсү орточо жана оор болсо, биз ооруканага жаткырабыз. Калгандары амбулатордук түрдө дарыланууда», – деди Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары Айнура Узакбаева.

Эгерде сизде дене табынын көтөрүлүшү, кусуу белгилери, майда жараттар пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылып же тез жардам чакырууңуз керек.

Үй-бүлөлүк дарыгерди чакырууга мүмкүн болбосо, анда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жардам көрсөтүлөт.

Эч убакта өз алдынча дарыланууга болбойт!

Антибиотиктерди ичпеңиз, майда жараттарга эч нерсе сүртпөңүз, бул терс таасирлери менен коштолуп, диагноз коюуну кыйындатат.

Мисалы, майда жараттар ар кандай болушу мүмкүн жана анын этиологиясын дарыгер гана аныктай алат.

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.