АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Бишкекте жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча пресс-кафе өттү

839

2023-жылдын 20-ноябрында Бишкекте жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча пресс-кафе болуп өттү.

Жолугушуу, аялдар арасында жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын алдын алуунун төмөндөгүдөй максатын көздөйт:

  • 90%га 15 жашка чейинки кыздарды АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү
  • 70%га 35 жаштагы аялдарды скринингден өткөрүп ооруну эрте аныктоо жана бул текшерүүнү 45 жашында кайрадан кайталап жүргүзүү
  • 90%га дарт аныкталган аялдарды көзөмөлгө алып эрте дарылоону баштоо.

Жыйында чечим кабыл алуучулар жатын моюнчасынын рагы жана сүт безинин рагы сыяктуу аялдардын ден соолугуна коркунуч туудурган оорулардын санын азайтуу үчүн жүргүзүлүп жаткан саясаттар тууралуу сөз кылышты.

Иш-чарага КР ЖК депутаты, ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаева, КР Саламаттык сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Р.Асылбашева, ДССУнун улуттук кызматкери А.Алтымышева, Улуттук Онкология жана гематология борборунун директору Б.Султангазиева,  Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Б.Шамырканова катышып журналисттердин суроолоруна жооп беришти.   

Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү роль ойнойт, ошондуктан аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү жеке бакубаттуулукка гана эмес, бүтүндөй коомдун чыңдалышына өбөлгө түзөт.

 Атайын адистер ошондой эле эрте диагноз коюунун маанилүүлүгү жөнүндө токтолуп анда натыйжалуу дарылоо жүргүзүп, рак ооруларынын ичинен бир гана жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын эмдөө менен алдын алууга жана аны менен аялдын өмүрүн узартууга болорун белгилешти. Бул үчүн элге маалымат жеткирүүдө журналисттердин дагы салымы чоң экенин белгилеп биргеликте иш алып барууну талкуулашты.

Андан сырткары, ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаева “Айымдарыбыз убагында керектүү изилдөөлөрдөн өтүп турушса бул дагы чоң жетишкендик болорун белгилеп, өспүрүм кыздарды АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү дагы ооруну алдын-алуунун бирден-бир себеби болорун айтты, ошондой эле бул ишке колдоо көрсөтүп мындан ары дагы ыктыярдыгы менен өз көзөмөлүнө аларын кошумчалады”.

Бул иш-аракети үчүн Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева,  ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаевага “Жатын моюнчасы жана сүт безинин рагын жоюуга колдоо көрсөтүүсү үчүн Жогорку Кеңештин талкуусуна алып чыгууга атайын укук сертификатын ыйгарды.

Маалымат катары: 2020-жылдын 20-ноябрында ДССУнун жатын моюнчасынын рагын жок кылуу боюнча глобалдык стратегиясы кабыл алынып, ага Кыргызстан кошулган. Жыл сайын, 17-ноябрда КР Саламаттык сактоо министрлиги, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр жатын моюнчасынын рагын жок кылуу боюнча иш-аракеттер күнүн белгилешет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.