АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

ЭРОЗИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

371

Эрозия деп жатындын оозунун жабыркашы айтылат. Буга чалдыккан маалда жатындын оозунун териси өзгөрүүгө дуушар болот, тагыраак айтканда, ал жерде кычкыл чөйрө пайда болуп, микроорганизмдер көбөйүп кетет. Мындай абал менен узакка жүрө берүү кийин бир нече кесепеттерди жаратат.

Эрозиянын белгилери:

  • Эрозиянын белгилери жокко эсе.
  • Ал менен ооруган аял өзүн эч убакта ооруп жүргөндөй сезбейт.
  • Бул болсо жатындын оозунда башка органдардыкы сыяктуу сезүүчү рецепторлордун жоктугу менен түшүндүрүлөт.
  • Болгону эрозияга кабылган аялдын жыныстык органынан ак суюктук бөлүнүп чыгып турат жана ал жагымсыз жытка ээ болот.
  • Анан кээде гана жыныстык катнаш оорутуу же каноо менен коштолушу ыктымал.

Эрозиянын себептери:

  • Иммунитеттин кескин төмөндөп кетиши  
  • Жыныстык инфекциялар (хламидия, уреаплазма)
  • Оор төрөт жана аборт
  • Сексуалдык өнөктөштөрдүн көптүгү башка гинекологиялык оорулар (хламидиоз, микоплазмоз, трихомониаз)
  • Гормоналдык фондун бузулушу.

Эрозияга диагноз “кольпоскопия” аттуу атайын аппараттын жардамы менен гана коюлат. Ошон себептен билинбей жүрүп оорунун оор формасына өтүп кете электе ар бир айым жыныстык органынын иштөө функциясында бир аз өзгөрүү байкалса эле дароо текшерилиши керек. Оорунун күчөп кеткен убагы болсо эрозия оор формасына өтөт. Эрозиянын оор формасы “жатындын оозунун рагы” деп аталат. Бул эрозияны айыктырууга аракет кылбаган же толук дарылабаган учурда болот. Мында жатындын оозу микроорганизмдер келтирген зыяндан улам жанагы жара сыяктуу канталап, ал жердеги кан тамырлар жабыркап кетет. Ракка өткөндөн кийин онкологиялык багытта даарыланууга туура келет. Эрозияны айыктыруунун жолдору. Азыркы учурда актуалдуу түрдө колдонулуп жүргөн 2 жолу бар. Биринчиси дары-дармектердин жардамы менен, ал эми экинчиси күйгүзүү жолу менен айыктыруу. Негизи талап боюнча, биринчи дары-дармектердин жардамы менен дарылоого аракет кылыш керек, анан таптакыр болбогон шартта гана эрозияны күйгүзүп салууга болот.

Leave a Reply

Your email address will not be published.