Алдын алуу

Жалал-Абадда Бүткүл дуйнөлүк Рак илдетине каршы күрөшүү күнүн карата тармактар ​​аралык кеңешме өттү

632

4-февраль Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата Жалал-Абад шаарында тармактар ​​аралык жыйын болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биргеликте уюштурду.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад облустук дарылоо борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова, РДЧжМК борборунун түштүк филиалынын директору Абдилатип Шамшиев, Жалал-Абад облустук репродуктивдүү борборунун директору Айнура Давлетова, онкологдор жана башкалар катышты. Мындан тышкары, жолугушууга Жалал-Абад облусунун райондорундагы ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери жана Бишкек шаарынан да онлайн режиминде катышуучулар болду.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар өлкөдөгү жана өзгөчө Жалал-Абад облусундагы рак оорусунун абалын жана актуалдуулугун талкуулашты. Ден соолукту чыңдоо жана онкологиялык ооруларды алдын алуу маселелери боюнча калк менен байланыш иштерине өзгөчө көңүл буруу белгиленди. Тактап айтканда, ѳлкѳдѳгү аялдар көбүнчө жатын моюнчасынын  жана эмчек рагына кабылып жатканы айтылып, дартты алдын алуу боюнча элдин маалыматтуулугун күчѳтүү зарылдыгы айтылды.

“Жалал-Абад облусунун аймагында 2023-жылы 108 жатын моюнчасынын рагы жана 91 эмчек рагы катталган” – деп белгиледи Жалал-Абад облусунун башкы онкологу Элдос Туленбаев

5-февралдан 10-февралга чейин Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата Жалал-Абад облусунун райондорунун жана шаарларынын ҮДТда, ҮМБда, облустук репродукция борборунда, облустук ҮМБда жана аймактык ооруканаларында аялдар акысыз текшерүүдѳн өтөт.

“Жалал-Абад облусунун аялдар жатын моюнчасынын рагын цитологиялык изилдөө, көрсөткүчтөр боюнча кольпоскопия, сүт бездерин ультра үндүү текшерүү аркылуу жана зарыл болсо маммография жүргүзүлөт», – дейт Жалал-Абад облустук репродукция борборунун директору Айнура Давлетова.

\

Иш-чаранын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн онкологиялык ооруларды эрте диагностикалоо, эрте дарылоо жана алдын алуунун маанилүүлүгүнө буруу. Оору канчалык эрте аныкталса, ийгиликтүү дарылоо мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Кыргызстанда жыл сайын 5 миңден ашык жаңы онкологиялык оорулар катталат. Республика рак оорусунан каза болгондордун саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.