1. Канттын жогорку курамы:
Газдалган суусундуктардын негизги зыяндуу жагы — бул канттын өтө жогорку өлчөмү. Бир стакан 250 мл. таттуу газдалган суусундуктун ичинде 6дан 8ге чейин чай кашык канткамтылат. Бул болжол менен 25–35 грамм кант дегенди билдирет.
Мындай көлөмдө шекерди үзгүлтүксүз колдонуу төмөнкүлөргө алып келет:
• Ашыкча салмак жана семирүүгө.
• Кант диабетинин 2- түрүнүн өнүгүшүнө.
• Жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун жогорулашына.
Газировкаланган таттуу суусундуктардагы шекер канга тез сиңип, уйку безине ашыкча жүк болот, анткени глюкоза менен инсулиндин деңгээлин кескин көтөрүлүсүн жаратат.
2. Тишке тийгизген зыяны:
Газдалган таттуу суусундуктар тиш эмалын бузат.
• Биринчиден, шекердин көптүгү — бактериялар көбөйүп, тиш кариесин пайда кылат;
• Экинчиден, курамындагы көмүр кычкыл газы жана ортофосфор кислотасы суусундукту кычкыл кылат.
Кычкыл чөйрө эмалды деминералдаштырып, тиш сезгичтигин жогорулатат.
3. Ашказанга тийгизген таасири:
Газдалган таттуу суусундуктар төмөндүгүдөй көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн:
• Ичтин көөп кетишине.
• Зарына жана ашказан былжырын дүүлүктүрүшү.
• Балдардын табитин төмөндөтүшү.
4. Зыяндуу кошулмалардын болушу:
• Көптөгөн газдалган суусундуктар аллергияга алып келиши мүмкүн болгон боёгучтарды, консерванттарды жана жыт берүүчү заттарды камтыйт.
• Кофеин – айрыкча балдарда нерв системасына жүк болуп, көз карандылыкты пайда кылышы мүмкүн.
5. Бош калориялар:
Газдалган суусундукта организмге керектүү витаминдер, минералдар, клетчатка же пайдалуу заттар жок. Бул — денеге эч пайдасы жок, бирок салмак коштура турган “бош калориялар”. Ошону менен бирге, ачка болуу сезимин басып, туура тамактануудан баш тартууга түртөт.
6. Сөөк ткандарына коркунучу:
Көпчүлүк таттуу газдалган суусундуктар менен энергетиктердин курамында болгон ортофосфор кислотасы кальцийдин сиңишине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Бул айрыкча өспүрүмдөр жана улгайган адамдар үчүн кооптуу — остеопороздун жана сөөктүн морттугунун коркунучун күчөтөт.
Глобалдык маалыматтар эмнени көрсөтөт?
75 өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, адамдар канчалык көп газдалган суусундуктарды ичсе, алардын арасында семиздик, ашыкча салмак жана кант диабети көбүрөөк кездешерин окумуштуулардын тастыкташкан.
Газдалган суусундардын ордуна эмнени ичсе болот?
1. Сууну
• Эң жакшы альтернатива — калориясыз, денени тазалайт, зат алмашууну жакшыртат;
• Лимон, бадыраң, жалбыз же мөмө-жемиштердин бөлүктөрүн кошуп ичсеңиз даамдуу болот.
2. Үй шартында жасалган лимонаддар
• Табигый мөмө ширесинен (лимон, апельсин, мөмөлөр) суу жана бир аз бал кошуп даярдалат.
3. Жыпар жыттуу чөп чайлары
• Ромашка, жалбыз, мелисса, имбирь — ысык же муздак иче берсе болот. Бул
ашказанга жана нерв системасына пайдалуу.
4. Шекер кошулбаган жемиш морстары жана компоттор
• Сезондук мөмө-жемиштерден жасалат (мисалы: клюква, малина, карагат, алма жана өрүк).
5. Муздак жашыл чай
• Муздак ичилгенде сергитет, антиоксиданттарга бай.
• Үй шартында жасалгандар пайдалуураак — дүкөндөн алынгандарына көбүнчө кант кошулат.
Categories: ДЕН СООЛУК, Тамактануу
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
987