ЖАҢЫЛЫКТАР

Халтурина Дарья: Россиянын коомдук жайларында жүз пайыз чылым чегилбейт

276

 Халтурина Дарья: Россиянын коомдук жайларында жүз пайыз чылым чегилбейт

«Россиянын коомдук жайларында жүз пайыз чылым чегилбейт», -деди РФ Өкмөтүнүн алдындагы эксперттик советтин мүчөсү Дарья Халтурина.

Кечээ Республикалык ден соолукту чыӊдоо борборунун жыйын залында чылымдын зыяндуулугу боюнча талкуу болду. Иш-чарага чет элдик  эксперттер жана тамеки заттарына каршы коалициясынын мүчөлөрү катышты.

 Талкуунун жүрүшүндө Дарья Халтурина буларга токтолду: «Биздин мамлекетте чылымдын баасы арзан болгондуктан иш алып баруу өтө кыйын болду.Бирок коомдук жайларда жүз пайызга  чылымга тыюу салынышын эӊ биринчи саламаттык сактоо министрлиги колдоду. Албетте, маалымат каражаттарындагы материалдардын таасири күчтүү болду. Биздин өлкөдө мыйзам чыккандан кийин, түнкү клубдар, кафе ресторандар биринчилерден болуп тамеки чегүүгө тыюу салышты. Коомдук транспортто дагы чылым чегүүгө болбойт. Мыйзам биздин өлкөдө активдүү жемиштүү иштөөдө. Сиздердин өлкөдө дагы иштерине аракет жасоо керек.Сиздер тамекини коомдук жайда чегүүгө тыюу салуу менен жарадарды инфаркт сыяктуу оорулардан сактап жатасыздар».

Мындан тышкары, республикалык ден соолукту чыӊдоо борборунун адистери спирт ичимдиктерине каршы мыйзамдын иштелиши тууралуу да тажрыйба бөлүшүнүү суранышты.

Жыйынтыгында биргеликте, кызматташууну сунушташты.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.