АДК

Көчмөндөр оюнуна АДКлар салым кошту

112

Таласта болуп өткөн көчмөндөр оюнунда Айылдык ден соолук
комитеттери тамеки чегүүчү жайларды уюштурууга салым кошуп,
келген меймандарга тамекинин зыяндуулугу боюнча маалымат беришти.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кыргыз өкмөтүнө Дүйнөлүк
көчмөндөр оюндарында чылым чеккендер үчүн өзүнчө жай уюштурууну,
коомдук жайларда чылым чегүүгө жол бербөөнү сунуштаган.
Бул сунушту алуу менен Талас шаарында болуп өткөн Көчмөндөр
оюндарында Ден соолукту чыңдоо кабинеттери “Көчмөндөр оюну
чылымсыз” урааны астында өз салымдарын кошту. Айылдык ден соолук
комитеттеринин адистери тамеки боюнча баракчаларды таратышып, чылым
чегүү үчүн бөлүнгөн жерлерге тамеки боюнча чаптама баракчаларды
жайгаштыруу, банерлерди илүү иштерин жүргүзүштү. Алыстан келген
айрым меймандарга тамеки боюнча маалыматтарды берип турушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published.