ЖАҢЫЛЫКТАР

Калкты иммундаштыруунун стратегиясын иштеп чыгуу боюнча семинар өткөрүлдү

342

Кыргыз Республикасында 2018-2022 –жылга карата  Вакцина жана иммундаштыруу боюнча глобалдык альянсынын (ГАВИ) программасынын алкагында «Саламаттык сактоо системасын бекемдөө»  аталышында жолугушуу өттү.

21-декабрь күнү Бишкек шаарында өткөрүлгөн жолугушууда иммундаштыруунун коммуникациялык стратегиясын иштеп чыгуу   маселелери  каралды.

Жолугушууга  Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгуль Абдылдаева, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жана эл аралык ДССУ, ЮНИСЕФ уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Адистер, бүгүнкү күндөгү  айрым ата-энелердин  балдарын эмдетүүдөн баш тартуу маселелерине токтолушту. Алардын айтымында, бул коомдо эмдөө тууралуу маалыматтын аздыгына жана ата-энелердин билбестигине байланыштуу.  Мындан улам, жолугушуу учурунда  топторго бөлүнгөн адистер  көйгөйдү чечүү жолдору тууралуу сөз кылышты.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.