COVIDге каршы эмдөө

Европалык иммунизация жумалыгы: Мобилдик топтор Республика боюнча иштеп жатат

708

Европалык иммунизация жумалыгы калкты жугуштуу оорулардан коргоонун негизги профилактикалык чараларынын бири катары коомчулуктун көңүлүн иммунизацияга бурууга багытталган.

Анын максаты – ар бир адамдын узак жана дени сак жашоого өбөлгө түзгөн вакциналардын кеңири жеткиликтүүлүгүнүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү.

Кыргызстанда профилактикалык эмдөө календарына ылайык 76 мобилдик бригада балдарды жана жарандарды пландуу эмдөөдөн өткөрөт. Калкты дагы COVID-19га каршы эмдөө иштери жүрүп жатат.

Эки күндүн ичинде Европалык иммунизация жумалыгы мобилдик топтордун жардамы менен пландык эмдөөнү өткөрүп жиберген 500дөн ашык баланы эмдөөдөн өткөрдү. 1500дөн ашык адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.

Бишкектеги мобилдик топтор

Бишкек шаарынын №10 ҮМБсынын көчмө бригадасы Мурас-Ордо, Ала-Тоо, Касым, Тынчтык Ак-Ордо, Ак-Жар жаңы имараттарында активдүү иш алып барууда.

Жер-жерлерде профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында кандайдыр бир себептер менен өз убагында эмделбей калган 100гө жакын балага эмдөө иштери жүргүзүлдү.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин мобилдик тобу карылар үйлөрүндө иштеп жатат, аларда 50дөн ашык адам Sinofarm вакцинасы менен COVID-19га каршы эмделген.

Кыргызстан мусулмандарынын дини башкармасы өкүлдөрү менен иштөө

Бишкектеги No7 ҮМБнын медицина кызматкерлери мечиттерде баарлашып, иммунопрофилактиканын маанисин талкуулашууда. Маалыматтык материалдар жер-жерлерде таркатылды.

Мектептерде иштөө

Жалпы билим берүүчү мектептерде “Өмүрдү сактап калган вакциналар” аттуу семинарлар өткөрүлүп, окуучулар активдүү катышууда.





Нарын облусунда Европалык иммунизация жумалыгынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Нарын шаарынын мэриясынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү.

Урматтуу ата-энелер!

Эмдөө бул оорудан коргоо гана эмес, жакындарынын жана бүтүндөй коомдун ден соолугуна кам көрүү.

Бул ден соолугуңузга байланыштуу маанилүү демилгеге кошулуңуз!

#Иммунитет Бекемдейбиз

#BuildBackImmunity

Leave a Reply

Your email address will not be published.