Алдын алуу

Кант диабетин алдын алса болот

506

Кыргызстанда 10-октябрдан тарта “Кандагы канттын деңгээлин билип ал” кампаниясы башталат.

Бул саамалык КР Саламаттык сактоо министрлигинин атайын буйругунун негизинде уюштурулмакчы. Иш-чара өлкөнүн 16 шаарында жана 2 районунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин колдоосу алдында өтөт.


Кампаниянын максаты – баштапкы медициналык санитардык жардамдын сапатын көтөрүү болуп саналат.
Анын алкагында калк арасында кант диабетин алдын алуу боюнча агартуу иштери жүргүзүлөт.
Уюштуруучулардын айтымында кант диабети бар адамдарды аныктоо жана өз убагында жардам көрсөтүү иштери жолго коюлмакчы.
Мында ҮМБ/ЖДПБнын медициналык кызматкерлери жарандардын канындагы канттын дэңгеелин акысыз текшерип, кеңештерин беришет.


Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору иш-чараны коомчулукка кеңири чагылдыруу жаатында иш алып барат.
КР ССМ Эндокринологиялык борборунун жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлдөрү, кампаниянын пландоо жана уюштуруу жагына көңүл бурушат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.