ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧжМК борбору «Текшерилүүгө убакыт келди! Рактан бир кадам алдыда болгула!»-аталышында журналисттер жана жарандык активисттер үчүн пресс-кафе уюштурду

753

Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнү жыл сайын 4-февралда белгиленет. Буга байланыштуу 2024-жылдын 31-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргыз Республикасындагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте «Текшерилүүгө убакыт келди! Рактан бир кадам алдыда болгула!»-аталышында журналисттер жана жарандык активисттер үчүн пресс-кафе уюштурду.

Иш-чарага КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев, Кыргыз Республикасындагы БДСУнун өкүлү, доктор Ливиу Ведраско, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шамбетов, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова катышты.

Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учурлары катталат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан рактан болгон өлумдүн  саны боюнча биринчи орунду ээлейт. Ооруну эрте аныктоого рактын алгачкы белгилери тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу, үзгүлтүксүз профилактикалык кароолор жана скринингдик текшерүүлөр аркылуу жетүүгө болот.

“Жатын моюнчасынын рак оорусу эч кандай белгилери жок өтөт жана көпчүлүк адамдар дартка чалдыкканын алгачкы күндөрү сезбейт. Рак канчалык эрте аныкталса, ийгиликтүү дарыланууга болгон мүмкүнчүлүктөр ошончолук жогорулайт. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү боюнча ар бир аялды өнөкөт дарттан коргоо үчүн билим, тажрыйба кенен жайылып, ооруну дарылоочу заманбап шаймандар ишке киргизилген. Жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн 11 жаштагы кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү уланууда. Ага кошумча аялдардын өз убагында дарыгерлерге кайрылуусу үчүн маалыматтык кампаниялар жүргүзүлүп, профилактикалык дарылоону өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, – деп белгиледи КРнын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасындагы БДСУнун аймактык өкүлү доктор Ливиу Ведраско төмөнкүлөргө токтолду.

“Кыргызстан ДССУнун жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча глобалдык стратегиясына кошулду. Учурда Кыргызстанда рактын бул түрү менен ооругандардын жана өлүмдөрдүн санын азайтуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, 2022-жылы эмдөө календарына 11-14 жаштагы кыздарды адам папилломавирусуна каршы эмдөө киргизилген. АПВ вакцинасы киргизилген алгачкы жылы эмдөөгө тиешелүү максаттуу аудиторияны биринчи доза менен 72%га, экинчи доза менен 62%га камтуу мүмкүн болду. Мен бүгүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана бардык кызыктар өнөктөштөр менен бул көйгөйдү чечип жатканыбызга абдан кубанычтамын. Бул оорунун алдын алууга болот жана биз биргелешип жетише алабыз”, – дейт доктор Ведраско.

Иш-чаранын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн ракты эрте аныктап, дарылоо жана алдын алуунун маанилүү экендигине буруу. Быйыл Кыргызстанда Дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнү репродуктивдик курактагы аялдар арасындагы кеңири жайылган эки онкологиялык ооруга: жатын моюнчасынын рагы жана сүт безинин рагын алдын алууга багытталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published.