ЖАҢЫЛЫКТАР

“Кара июль”: COVID-19 менен күрөш али бүтө элек

163

Улуттук тарых музейинде “Кара июлдун” баатырларына жана курмандыктарына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Саамалыкты КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду. Иш-чаранын ачылыш аземи КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, КР Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетекчиси Нурида Жусупбекова, коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова жана Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышеванын катышуусунда өттү.
Сүрөт көргөзмөсүнүн биринчи көрүүчүсү жана коногу Бириккен Улуттар Уюму тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело болду.
Ал мындай иш-чаранын уюштурулушуна ыраазычылыгын билдирип, “Кара июлдун” көйгөйлүү маселелерине токтолду.
“Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Кыргызстанга да чоң жоготууларды алып келип жатканын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Медицина кызматкерлеринин эрдигин, алардын өз жанын аябай башка өмүрлөрдү сактап жатканын, ак эмгегин баалоого тийишпиз. Ошондой эле ыктыярчылар, ооруну жеңил көтөргөндөр жана вакцина алгандар апаатты токтотууга салымын кошуп жатканын белгилей кетпесем болбойт. Бирок, COVID-19 менен күрөшүү али бүтө элек. Бул ооруну биримдик менен гана жеңерибизди түшүнүшүбүз керек”, – деди Озонниа Ожиело. Ал жарандарды санитардык эрежелерди сактоону улантууга жана коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Көргөзмө Улуттук тарых музейинин экинчи кабатында 13-январга чейин болмокчу.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.