ЖАҢЫЛЫКТАР

Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата чуркоо – 2024 “Ден соолугум – менин укугум”

570

Жыл сайын 7 – апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай Бишкекте “Менин ден соолугум – менин укугум”, аттуу  ураан астында массалык чуркоо болуп өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР алдыңкы спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өтмөкчү.

Иш-чараны КР Саламаттык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) менен бирге уюштурду. Борбор калаадагы чуркоо бир жуманын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын камтыган “ден соолук кербенинин” башталышы болот.

Башталышы: 6-апрель, 10:00, Жайыл Баатыр көч., 66 “Газпром” спорт комплекси. Чуркоо аралыгы: 1,5 км.

Иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолот.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү – бул сергек жашоо образы жөнүндө ойлонууга жана өзүңүздүн жыргалчылыгыңыз үчүн жоопкерчиликтүү болууга  сонун мүмкүнчүлүк. Физикалык жана психикалык саламаттыгыңызды жакшыртуу үчүн кичинекей, бирок маанилүү кадамдарды бүгүндөн кеч калбай жасай баштаңыз. Мисалы, көбүрөөк басуу, жаман адаттардан баш тартуу ж.б.

Биргелешип, биз өзгөрүүлөргө жетишип, коомубуздун дени сак келечегин түзө алабыз!

01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүүңүздү өтүнөбүз. Байланыш үчүн телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.

Leave a Reply

Your email address will not be published.