Бүгүн 14-ноябрда Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы К.Табалдинов атындагы орто мектебинде мектептик ден соолук комитетинин ачылышы болду. Иш-чарага Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Усубалиева Б.М., Айтбаева Г, Т., ошондой эле Аламүдүн районунун акиминин орун басары Закирова А.Д.., мектептердин директорлору, мектептердин парламентинин саламаттык сактоо министрлери катышты.
Бул комитеттин негизги максаты – мектеп окуучуларынын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого багыт берүү, ошондой эле коомчулукту ден соолукту коргоо боюнча билим менен камсыздоо болуп саналат.
Categories: ДЧК, ЖАҢЫЛЫКТАР