ДЕН СООЛУК

Токмок шаарындагы медайымдарга кош бойлуу аялдар арасында тамеки тартуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча окуулар өтүүдө

661

Чүй облусунда “Кош бойлуу аялдарда тамеки чегүү жана пассивдүү тамеки тартуунун алдын алуу жана контролдоо” аттуу  темада медайымдарды окутуу уланууда. Тренингди КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жана Медайымдардын ассоциациясы менен биргеликте өткөрүүдө.

 «Тамекини таштоо, иммунитетти көтөрөт, ден соолукту чыңдайт. Тамекини кыска мөөнөттүү убакытта таштоонун оң таасирлери бар. Биринчиден, жүрөктүн кагышы жакшырат, кан басымы төмөндөйт, кандагы глюкозанын деңгээлин жөнгө салат, холестериндин азайышы байкалат. Эгерде адам бир жыл тамеки тартпаса, өпкөнүн иштеши жана майда дем алуу жолдорунун абалы нормалдашат.Тамекиден баш тартуу адамдын организмине, эң негизгиси, жашоо сапатына зор оң таасирин тийгизет», – дейт Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун пульмонологу Анара Калиева.

Буга чейин Аламүдүн районунан 60тан ашык медайым окуудан өтсө, Токмок шаарында эки күндүн ичинде 34 медайым окуудан өтөт. Алар тамеки тарткандарга жүрүм-турум аркылуу тамекини таштоого кантип жардам берүүнү үйрөтөт.

Эске салсак, медайымдар Кыргызстанда биринчи жолу мындай толук кандуу окутууну кыска интервенция жана тамекини таштоо боюнча тереңдетилген кеңештерди алууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.