ДЕН СООЛУК

Климаттын өзгөрүшү калктын ден соолугуна кандай таасир этет?

11

Климаттын өзгөрүшү калктын ден соолугуна коркунуч жаратып, жугуштуу оорулардын жайылышын көбөйтөт, ичүүчү суунун сапатына жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизет, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларынын өсүшүнө шарт түзөт. Мындан тышкары, аялдар, балдар жана улгайган адамдар аялуу калк топтору экенин белгилей кеткибиз келет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык жарандардын ден соолугун коргоо үчүн гендердик жана инклюзивдик аспекттерди эске алуу менен саламаттыкты сактоо тутумунун климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун күчтөндүрүүнү улантууда. Коомчулукту тартуу жана эл аралык кызматташуу ийгиликтүү адаптациялоо үчүн маанилүү кадамдар болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооп чаралары:

1.       Саламаттыкты сактоо министрлиги климаттык коркунучтарды байкап, саламаттыкты сактоо системасы үчүн улуттук адаптациялык планды иштеп чыгууда.

2.       Калкты климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген таасири жана анын таасирин азайтуу жолдору тууралуу маалымдоо программалары иштелип чыгууда.

3.       Өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен активдүү кызматташып, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо программаларын ишке киргизүүдө.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын 7-11-октябрында өтө турган “Климат жумалыгынын” алкагында иш-чараларды активдүү колдойт. Негизги темаларга климаттык тобокелдиктердин саламаттыкка тийгизген таасирин баалоо, саламаттыкты сактоо тутумунун аялуу жактары жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо кирет.

Мындан тышкары, министрлик 2024-жылдын 11-22-ноябрында Азербайжандын Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясына катышууну пландап жатат.

Кыргыз Республикасынын павильонунун алкагында 18-ноябрда адам капиталы, ден соолук, балдар, жаштар жана билим берүү темалары боюнча тематикалык сайт-ивенттер уюштурулат. Бул жолугушуулар саламаттыкты сактоо секторунун өзгөрүлүп жаткан климаттык шарттарга ылайыкташуу маанилүүлүгүн баса белгилеп, сектордун туруктуулугун жогорулатуу стратегияларын карап чыгууну көздөйт.

Categories: ДЕН СООЛУК

Leave a Reply

Your email address will not be published.