Алдын алуу

“Коопсуздукту, саламаттыкты жана коомдун гармониясын камсыз кылууда диндер жана этностор аралык кызматташтык”

407

Республикалык Ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Түштүк филиалы “Коомдун коопсуздугун, саламаттыгын жана ынтымагын камсыз кылууда диний жана этностор аралык кызматташтык” аттуу тегерек столго катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан демилгеленип, Ош шаарында өттү.

Иш-чарада РДЧжМКБнын адистери эмдөө жана дин жаатындагы коммуникация боюнча маалымат беришти. Катышуучулар зомбулуктун жана жаш куракта никеге туруунун алдын алуу, эмдөөнүн мааниси, диний жамааттардын дени сак жашоо образын илгерилетүүдөгү ролу тууралуу негизги маселелерди талкуулашты.

Тегерек столдо белгиленгендей, мамлекеттик органдар, медициналык коомчулук жана дин өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог ишенимди бекемдөөгө жана дени сак, туруктуу коомду түзүүгө көмөктөшөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.