Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору калк арасында коргошун менен уулануунун тобокелчилиги жана алдын алуу тууралуу маалымат берүү максатында, 2025-жылдын 21-октябрында Үй бүлөлүк дарыгерлер (ҮБД) жана Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун (ЖДПБ) Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин (ДЧК) адистери үчүн «Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы (13-72 жумалык) балдардын канындагы коргошун деңгээлин изилдөө» деген темада вебинар өткөрдү.
Вебинарда төмөнкү темаларда презентациялар көрсөтүлдү:
• Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы (13-72 жумалык) балдардын канындагы коргошун деңгээлин изилдөөнүн жыйынтыктары;
• Кыргыз Республикасындагы коргошун менен булгануунун негизги булактарын аныктоо боюнча үй чарбаларында жана базарларда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары;
•Балдарга коргошун менен ууланганда кызмат көрсөтүүнүн принциптери.
Вебинарга 84 адис катышты. Ар бир берилген кызыктырган суроолорго эксперттер жооп беришти.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР, Жугуштуу эмес оорулардын а-алуу
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
298 



