АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Кош бойлуулук

145

Кош бойлуулук – аялдын организминде боюна бүткөндөн тартып төрөлгөнгө чейин түйүлдүктүн өөрчүшү менен мүнөздөлгөн физиологиялык процесс.

Орточо кош бойлуулук 39-40 жумага созулат (280 күн).

Бул мезгилде түйүлдүктүн өсүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого, төрөткө жана ымыркайды эмизүүгө даярдык көрүүгө аялдын денесинде маанилүү физиологиялык өзгөрүүлөр болот.

Кош бойлуу болгон убактан баштап төрөгөнгө чейин аял дарыгердин (үй-бүлөлүк дарыгер, гинеколог) текшерүүсүндө болушу зарыл жана анын бардык кеңештерин аткарышы керек.

Кош бойлуу аял үчүн маанилүү жагдай – туура тамактануу. Ал болочок энеге жана балага бардык керектүү заттарды жетиштүү берүүгө мүмкүндүк берет. Күнүмдүк өлчөм ар кандай азыктарды камтыш керек: белок, май, углеводдор. Жашылча-жемиштерге, сүт азыктарына, балыктын жана эттин майлуу эмес түрүнө, кара буудайдын унунан жасалган нанга, дан азыктарына басым жасоо керек. Мындан тышкары, витаминдерди жана минералдык заттарды сөзсүз ичкен жакшы, өзгөчө жаз-кыш мезгилинде.

Уйку тартиби жана сергек болуу, таза абада сейилдөө, ашыра талап кылбаган физикалык жүк жөнүндө унутпоо керек. Болочок энелер үчүн дене тарбия сабагына атайын физикалык даярдыгы жок аялдар деле барса болот. Акушер-гинекологдун бардык сунуштарын сактоо жана дени сак баланын төрөлүшүнө жакшы маанайдын болушу кош бойлуулукту жашоодогу эң жакшы жана толкундануучу мезгил катары элестетет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.