ЖАҢЫЛЫКТАР

КРВИ жана анын алдын алуу ыкмалары тууралуу эмнелерди билүү керек?

393

Жыл сайын күз-кыш мезгили башталганда курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен коштолгон оорулар күч алат. Бул оорулар кандай экендиги, алар кандай татаалдашууларга алып келери жана өзүнүн организмин ушул кеселдерден кантип коргоо керектиги тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун педиатр-инфекционисти Назгүл Мамбетова айтып берди.

-Назгүл Өзгөрүшовна, күз-кыш мезгилинде чоңдор жана балдар көп учурда курч кармаган респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) кабылышат. Бул оорулардын тобу эмнеден турат жана бул кеселдер эмнеси менен коркунучтуу?

– Курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар грипп, парагрипп, риновирустар, РС-инфекцияларды камтыйт. Ушул вирустук инфекциялардын ар биринин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Гриппке дененин табынын жогорулашы жана баш оору мүнөздүү, РС-инфекциясы болсо көп учурда 3 айга чейинки ымыркайларда кездешет, ал майда колколордун (бронхиола) сезгенүүсүн пайда кылат, жыйынтыгында дем алуу жетишсиздиги келип чыгат. Эгерде балдар бизге ушул симптомдор менен келип түшсө, анда биз аларды жоготуп алабыз. Риновирустук инфекциялар жеңилирээк өтөт жана мурунду гана жабыркатат. Парагриппте кекиртек жабыркайт жана ларинготрахеит өөрчүшү мүмкүн. Кекиртекте шишик өөрчүгөндүктөн баланын деми кыстыгып чарчап калышы ыктымал.

– КРВИнин өөрчүшүнө кандай негизги факторлор таасирин тийгизиши мүмкүн?

– Бардыгы адамдын иммунитетинен жана организмге келип түшкөн вирустун санынан көз каранды. Биринчи кезекте баштоочу фактор катары суук эсептелет. Ошондуктан үшүп калуудан качуу жана КРВИ күчөгөн учурда ашыкча байланыштарды жокко чыгаруу зарыл.

– КРВИде кандай кыйла мүнөздүү белгилер келип чыгат?

Бул дене табынын жогорулашы, дем кыстыгуу, булчуңдардагы оору, баш оору, алсыздык, жөтөл, мурундун бүтүшү.

– Эгерде өзүндө ушундай симптомдорду байкап калса адам эмне кылышы керек?

-Бардыгы ал кандай симптомдорду тапкандыгында турат. Эгерде бул жогорку температура болсо аны түшүрүү керек. Бирок, көпчүлүгү температура бул жаман нерсе деп ойлошот, балдардын энеси анын дене табы 37,5 градус чегинде болгон учурда аны  түшүрө баштайт. Биз температураны 38,5тен жогору болгон учурларда гана төмөндөтүүнү сунуштайбыз. Анткени вирустук инфекциянны өзү температура менен өтөт, андыктан иммундук системага тийбей эле койгон жакшы. Бирок ушул  температура организмге жаман таасирин тийгизбешине көз салуу керек.

КРВИге каршы эмдөө канчалык натыйжалуу?

– Вакцинациянын натыйжалуулугу тууралуу эпидемиологиялык кырдаалга карата айтуу керек. Биз алгач өлкөдө кайсы вирус үстөмдүк кылып жаткандыгын аныктоого тийишпиз, анткени респиратордук вирустук инфекциялар туруктуу эмес. Алгач вирус кайсы топко таандык экендигин териштирип, андан соң гана эмдөө тууралуу маселени чечүү керек.

– Эмдөө жасаганга каршы кандайдыр бир көрсөткүчтөр барбы?

– Эгерде кандайдыр бир коштоп жүрүүчү оорулар бар болсо. Бирок, биз ар бир адамга жекече мамиле кылууга тийишпиз.

– Баланы КРВИден кантип коргоо керек?

– Биринчи кезекте баланы үй шарттарында кармоо зарыл. Ал эми бизде апалар көп учурда иштешет жана балдарды жеке бала бакчаларда калтырышат, ал жерде болсо байланыштар көп. Ошондой эле үшүп калуудан качуу керек. Андан тышкары иммунитетти чыңдап жана таза абада дем алуу зарыл.

– Вирустук инфекциялар менен оорулардын күчөгөн маалында Сиз кыргызстандыктарга кандай кеңеш берер элеңиз?

– Башкысы – өзүн өзү дарылоо менен алектенбегиле. Эгерде температура жогоруласа эле адамдар антибиотик колдонууга көнүп калышкан. Эгерде аларда дарылоо боюнча шектенүү бар болсо андан көрө дарыгерге кайрылган жакшы. Анткени көпчүлүгү кеч же ар кайсы дарыларды колдонуп бүткөндөн кийин кайрылышат. Мындай кылбаган жакшы

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.