БАШКАСЫ...

Күйдүргү жана андан сактануу

349

Күйдүргү – жаныбарлардын жана адамдын жугуштуу ооруларынын бири.

Күйдүргү курчап турган чөйрөгө абдан туруктуу. Кыртышта ал көптөгөн жылдар бою жүз жылдан ашуун убакыт сакталат.

Инфекциянын булагы болуп оорулуу айыл чарба жаныбарлары эсептелет. Алар: ири мүйүздүү мал, жылкы, кой, эчки, бугу, төөлөр. Үй жаныбарлары (мышык, ит) бул ооруга көп чалдыкпайт.

Жугуу тобокелчилиги жогору болгон адамдарга төмөнкүлөр кирет:

• айыл чарба жумушчулары, мал өстүрүү фермаларынын малчылары;
• дарыгер-ветеринарлар;
• мал союучу жайлардын жана эт комбинаттарынын, булгаары иштетүү заводдору, жүн жууй турган фабрика жана сөөктөн ун, сөөк желими жана башкаларды даярдоо боюнча цехтердин жумушчулары.

Жаныбарлардагы күйдүргү оорусунун белгилери:

Жаныбарлардын ооруга чалдыгуусунун негизги себептери – алиментардык, козгогуч жаныбардын организмине жайыттардын ооруга булганган тилкелерине кайтарган учурда тоют же суу аркылуу кирет.

Жаныбарларда оору курч өтүп, бир канча сааттын ичинде капыстан өлүмгө дуушар болот. Сейрек учурларда мал бир суткадан бир канча күнгө чейинки мезгил ичинде өлүшү мүмкүн.

Күйдүргү менен ылаңдаган жаныбарлар оорунун бүт мезгили ичинде жугуштуу болуп саналат, алар өлгөндөн кийин бардык органдары жугуштуу болот.

Козгогучту жугузуучу эң эле маанилүү фактор – күйдүргү оорусунан өлгөн малдын өлүгү. Анын бардык органдары жана ткандары аябагандай көп өлчөмдөгү бациллаларды камтыйт. Мындай өлүктөрдү союуга жол берилбейт.

Алдын алуу чаралары:

• Оорулуу же күйдүргү оорусуна шектелген жаныбарды ошол замат өзүнчө бөлүп камоо керек.
• Оорунун бардык шектүү учурлары жана өлүмү тууралуу ветеринардык мекемелерге кабарлоо зарыл.
• Мал союунун алдында малды текшерүү үчүн сөзсүз ветеринардык адисти чакыруу талап кылынат.
• Ветеринардык дарыгер үй жаныбарларын текшерген соң союу учурунда сөзсүз түрдө жекече коргоо каражаттарын (резина кол кап, халат) пайдалануу зарыл.
• Өлүп калган малды өз алдынча көмүүгө таптакыр тыюу салынат.
• Ылаңдаган малды же булганган азыктарды жана жаныбар тектүү сырьёну калк жашаган аймактан тышкары ташууга (алып кирүүгө) таптакыр тыюу салынат (оору катталган учурда).

Адам күйдүргүнү кандайча жуктуруп алуусу мүмкүн?

• ветеринардык-санитардык экспертизадан өтпөгөн азык-түлүктөрдү соода-сатык үчүн белгиленбеген жайлардан сатып алган учурда;

• оорулуу малды тейлегенде, аны союу, терисин сыйруу, этин жиликтөө, өлүктөрдү көмүү учурунда, ошондой эле козгогучка булгануусу мүмкүн болгон мал чарба продуктулары (тери, мех буюмдары, жүн, кыл) менен байланышкан учурда.

Адамдагы күйдүргү дартынын белгилери.

Бул оорунун адамдарда кездешүүчү 3 фор­маты бар:

Тери формасы:

• алгач жабыркаган жерде кызыл так пайда болуп, жумшак бөртмөгө айланат, андан кийин анын ордунда шишимик тарткан демпекче пайда болот, бир аз убакыт өткөндөн кийин ал ыйлаакчага, андан соц жарага айланат;
• жабыркаган жерде кычышуу же ачыштыруу байкалат;
• ыйлаакча жарылып кеткен учурда (тырмаганда) жара пайда болуп, карттанып калат. Жаранын айланасындагы тери шишимик тартып кызарат, өзгөчө бул процесс адамдын бетинен орун алган учурда ачык көрүнүп турат;
• жаранын айланасында сезгичтиктин азайышы же толук жок болушу мүнөздүү.

Өпкө формасы:

• курч башталат, дене табы кескин түрдө 39-40°Сга чейин жогорулайт;
• жүрөк тез-тез кагып, дем кыстыгат;
• какырык менен жөтөл пайда болот;
• оор өтөт жана дарылоонун заманбап ыкмаларын колдонгон учурда дагы өлүм менен аякташы ыктымал.

Ичеги формасы:

• жалпы уулануу;
• дене табынын 38-39°Сга чейин жогорулашы;
• ичтин оорушу, кусуу жана ичтин өтүшү;
• кусунду массасы жана заң кан аралаш чыгышы мүмкүн.

Медициналык жардам

Адам оорунун биринчи белгилеринде меди­циналык жардам алуу үчүн өз учурунда кайрылуусу керек.

Ден соолугуңуздун коопсуздугун сактоо үчүн, мал чарба продукцияларын жана аны кайра иштетүүдөн алынган азыктарды ветеринар­дык экспертизадан өткөндөн кийин гана тамак-ашка колдонууга уруксат берилет!

Leave a Reply

Your email address will not be published.