Алдын алуу

Кышында жеңил бут кийим кийбеңиз анткени…

1030

Кышында жеңил жана жука бут кийим кийүү ден соолукка олуттуу зыянын тийгизет. Андыктан бутту жылуу кармап, ден соолукка туура кам көрүү менен бир канча оорулардын алдын алса болот.

Иммунитетке сокку урат:

  • Жеңил бут кийим буттун тоңуп калышына жана бүтүндөй организмдин муздап калышына алып келиши мүмкүн.
  • Ал гана эмес, кичине эле чыйрыгуу дагы организмдин коргоочу күчтөрүн кыйла азайтат. Ошентип адам ар кандай ооруларга туруштук бере албай калат.

Сезгенүүнү пайда кылат:

  • көп учурда үшүп калуу, суук тийип сезгенүүгө ошондой эле мурун тамак жана кулак сезгенишин пайда кылыш ыктымал.
  • Дайыма үшүп жүрүү отит, гайморит, ангина ооруларына алып келет.

Жыныстык оорулар:

Заара системасынын органдарынын сезгениши, буттардын муздап калышынын жыйынтыгында келип чыгуучу кеңири көп кездешүүчү оору.

Муун ооруларын пайда кылат:

Муздап калган учурда радикулит да өнүгүшү мүмкүн. Муун орулары, буттардын муздашы, муундардын ооруларынын курчушуна алып келиши мүмкүн, жана остеохондроз, ревматизм, бет жана үч илтик нервтеринде неврит дартынын пайда болушуна түрткү берет.

Көпчүлүк учурда жаштар күн суук мезгилде бутка жука жана жеңил бут кийимдерди кийип, ден соолугу үчүн кесепеттери тууралуу ойлонушпай жүрө беришет. Кышында дайыма жеңил бүт кийим кийип жүрүү бир топ жылдардан кийин өнөкөт оорулардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Бут үшүбөстүгү үчүн бут кийимди туура тандоо зарыл. Эң негизгиси кышкы бут кийимден ным өтпөшү керек. Ичинде жылуулай турган кездемеси болуусу жана таманы калың болушу зарыл.

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.