ЖАҢЫЛЫКТАР

Курч ичеги-карын инфекциялары: кантип алдын алууга болот?

266

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тамак-аштан ууланууну жана айрым ичеги-карын инфекцияларын алдын алуу үчүн жүрүм-турум эрежелерин сунуш кылат:

  1. Тамак-ашты даярдоо жана тез бузулуучу азык-түлүктөрдү сактоо шарты менен болгон жерлерден, ошондой эле тамак-ашы сертификацияланган, жеке медициналык китепчесинде медициналык кароодон өткөндүгү көрсөтүлгөн адамдардан сатып алыңыз.
  2. Тез бузулуучу продукцияны сатып алууда даярдалуу жана сакталуу мөөнөтүнө  көңүл буруңуз.
  3. Өздүк гигиенаны сактаңыз: колуңузду тамактанаар алдында, тамак даярдоонун алдында, даартканадан же коомдук жайлардан кайтып келгенде, автоунаалардан түшкөндөн кийин жууңуз.
  4. Ысытуу менен залалсыздандыруу режимин (азыктын катмарын 700С чейин 5-6 мүнөт жылытуу) жана даяр тамак-ашты сактоо эрежесин сактаңыз.
  5. Колдоноор алдында жылытуу менен залалсыздандыруудан (үстүнө коюу сорпо куюлуп килкилдеткен тамактар, килкилдектер, салаттар, винегреттер) өтпөгөн, даяр тамак-ашты узак мөөнөткө сактабаңыз. 
  6. Бышырылган жана кайнатылган азыктарга өзүнчө тактайларды колдонуңуз.
  7. Жашылча-жемиштерди тамакка колдонор алдында шорголоп аккан иче турган суу менен жакшылап жууңуз.
  8. Тамакты өзгөчө үй-бүлөнүн улгайган адамдары жана балдары үчүн бир эле жолу ичүүгө даярдаңыз.
  9. Сүт ашканасынан азыктарды сатып алганда,  быштак менен сүттү сөзсүз ысытып залалсыздандыруудан өткөрүңүз.
  10. Бакча өсүмдүктөрүнүн (дарбыз, коон) кесилбеген, бүтүндөрүн сатып алыңыз жана колдоноор алдында жууңуз, анткени жемиштин сырты менен микробдор оңой ташылып келет, алар анын ширелүү жумшак жеринде  көбөйүшөт.
  11.  Таза сууну колдонуңуз. Таза суу ичүү үчүн болгондой эле, тамак-аш даярдоо үчүн да маанилүү. Эгерде Сиз суунун сапатынан күмөн санап жатсаңыз, анда сууну тамак-аш азыктарына кошордон мурда же колдоноор алдында кайнатып алыңыз.    

Бул топтогу оорулар үчүн мүнөздүү:

  • ичтин катуу ооруй башташы;
  • жүрөк айлануу, куску келиши мүмкүн;
  • жалпы алсыроо, чарчоо;
  • суткасына 3 жолудан кем эмес, тез-тез болуучу суюк заңдоо;
  • дене табынын жогору болушу.

Көбүнчө бул оорулар өзгөчө татаалдашпастан эле өтүп кетет жана аларды дарылоо жоготкон суулар менен туздарды толуктоого келип такалат. Эгерде Сизде жогоруда көрсөтүлгөн белгилер пайда болсо, тез аранын ичинде квалификациялуу медициналык жардамга кайрылышыңыз зарыл.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.