ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргыз Республикасындагы Эл аралык медициналык санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы жыйынтыкталды

427

Бүгүн, 7-июлда Кыргыз Республикасындагы Эл аралык медициналык санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы аяктады.

Бул маанилүү миссиянын алкагында Кыргыз Республикасына коомдук саламаттык сактоодогу коркунучтарга жооп кайтарууга даярдыгын жана жөндөмдүүлүгүн системалуу баалоодон өтүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Баалоо Эл аралык медициналык санитардык эрежелерди ишке ашыруу контекстинде жүргүзүлдү, ал адамдарды коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнөн коргоо үчүн негиз болуп саналат.

Апта ичинде эл аралык жана улуттук эксперттер 19 техникалык багытты изилдешти. Алар саламаттык сактоо системасынын ишинин натыйжалуулугун, жардамдын сапатын, өзгөчө кырдаалдарды пландаштыруу жана жооп кайтаруу, лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн, маалыматтарды чогултуу жана талдоо ж.б.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы саламаттык сактоо системасын мындан ары жакшыртуу боюнча баалуу сунуштарды берди. Баалоонун натыйжалары медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча стратегиялык чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле калктын ден соолук коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталат.

«Биргелешкен тышкы баалоонун ыктыярдуу миссиясын кабыл алуу Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын тынымсыз жакшыртууга жана калктын ден соолук коопсуздугун камсыздоого умтулуусун тастыктайт. Миссия чоң иш аткарды. Алынган жыйынтыктар саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү потенциалын күчөтүү боюнча мындан аркы иш аракеттерди көрүү үчүн негиз болуп, эксперттердин сунуштары биздин ишибизде маанилүү багыт болот», – деди Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев. Ал мындан тышкары, Биргелешкен тышкы баалоого катышкан эксперттерге ыраазычылык билдирди.

Министрдин орун басары эл аралык коомчулук менен кызматташууну күчөтүү жана эл аралык стандарттарды жана эрежелерди колдонуу Кыргыз Республикасында күчтүү жана ишенимдүү саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги фактору экенин баса белгиледи.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.