Кургак учук

КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ

672

24-март кургак учук дартына каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Жугуштуу илдет дүйнөдөгү эң коркунучтуу инфекциялардын бири бойдон калууда.
Күн сайын кургак учуктан 4 миңден ашык ашык адам өлөт, 28 миңге жакын адам бул алдын алууга жана дарылоого боло турган оору менен ооруйт. 2000-жылдан бери кургак учук менен күрөшүү боюнча глобалдык аракеттер 66 миллиондой адамдын өмүрүн сактап калды. Бирок, COVID-19 пандемиясы бул ооруга каршы күрөштө жетишкен ийгиликтерди жокко чыгарган. 2020-жылы он жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу кургак учуктан каза болгондордун саны өстү. Кыргызстанда өткөн жылдын жыйынтыгы менен 3877 учур катталып, 2020-жылга салыштырмалуу ооругандардын саны 200дөн ашкан. Ал эми 2021-жылдын 12 айында өлүмдүн көрсөткүчү төмөндөгөн. Мурдагыдай эле оорунун эң жогорку деңгээли Чүй облусунда сакталууда. Жыл сайын 24-мартта калктын кургак учук тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн белгилеп келет.
Иш-чарага катышууга эксперттер, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук кургак учукка каршы программанын, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин, Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлдөрү, кургак учук менен ооруган бейтаптар жана кургак учук менен ооругандарга колдоо көрсөткөндөр жана «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун өнөктөштөрү катышты.

Categories: Кургак учук

Leave a Reply

Your email address will not be published.